Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Орусияда байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндө билдиришүүдө


Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Кремль колдогон "Бирдиктүү Орусия" партиясы чоң ажырым менн жеңишке жетишип, Мамлекеттик думадагы орундарынын санын буга чейинкиден да көбөйтөрүн көргөзгөн эле. Ал эми көз карандысыз байкоочулар бүгүнкү добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу маалымдашууда. Шайлоого байкоо салгандардын бири – Орусиянын "Добуш" ассоциациясынын билдиргенине караганда, алардын маалымат борборуна эртең менентен түшкө чейин добуш берүүдөгү ыктымал мыйзам бузуулар туралуу 2000дей даттануу түшкөн. Орусия аймактардында эң көп кездешкен көрүнүш-шайлоочулар тобунун өз бекетинде эмес, башка бекеттерде бюллетень салууга укук берген күбөлүктөр менен добуш бериши. Ошондой эле шайлоочуларга пара сунуш кылуулар, тыюу салынганына карабай жер- жерлерде мыйзамсыз үгүт иштери жүрүп жатканы да кабарланды. Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов азыркы өнөктүктү "эң татаал, булганыч жана жоопкерчиликсиз" шайлоо деп атады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун айтымында, шайлоочулардын активдүүлүгү өлкөнүн баардык аймактарында 2003-жылкы шайлоого караганда бүгүн жогору. Өлкөнүн добуш берүү аяктаган чыгыш чөлкөмүндө: Чукоткада Камчаткада, Магадан облусунда шайлоо бекеттерине келгендердин саны 54%дөн 76%га чейин болгон. Бүткүл Орусия боюнча добуш берүүгө укуктуулардын саны 100 миллиондон ашуун адам. Шайлоого "Бирдиктүү Орусиядан" башка 10 партия катышууда. Алардын канчасы талап кылынган 7пайыздык чекти багындырары белгисиз. Оппозициядагы партиялар үгүт өнөктүгү учурунда "Бирдиктүү Орусия" ири артыкчылыкка ээ болгонун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG