Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

ОРУСИЯ: АЗЫРКЫ ШАЙЛОО СЕЗОНУ АКЫРКЫБЫ?


Орусиядагы азыркы парламенттик шайлоо президент Владимир Путиндин тигил же бул жол менен бийликте калуусун камсыздоонун алгачкы кадамы катары каралууда. Учурдагы чоң суроо: эми мындан кийин эмне болушу мүмкүн? Кремлдин аракеттерине байкоо салгандар өлкө совет доорундагыдай бир партиянын башкаруусуна бара жатканын баса белгилешүүдө.

2-декабрдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын президент Владимир Путин дарбазанын сыртында Орусиянын душмандары аңдып турганын утур-утур эскертип келди. Өткөн айдын орто ченинде өзү тизмесин баштаган "Бирдиктүү Орусия" партиясынын активисттери менен Москвадагы жолугушуусу учурунда ал саясий оппоненттерин өз элинин колдоосуна таянбастан, мекенин алсыратуу үчүн чет өлкөлүк элчиликтер менен фонддордон колдоо издеп, алардын эшигин жырткан "көркоолор" деп мүнөздөгөн эле. Шайлоо алдында элге теледен жасаган кайрылуусунда да Путин коркунуч бар экенин кайрадан эскерткен:

-Эгер биз чындап, ар –намыс менен жашагыбыз келсе, өлкөнү бир ирээт ийгиликсиз башкарууга аракеттенип, ал эми бүгүн Орусияны өнүктүрүү планын жокко чыгарууну, биздин эл колдогон багытты өзгөртүп, кемсинүүнүн, чачыроонун, көз карандылыктын дооруна кайтарууну көздөгөндөр кайрадан бийликке келүүсүнө жол бербешибиз керек.

Путиндин айтымында, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы сөссүз түрдө алдыдагы президенттик шайлоого таасир берет. Өлкө азыр жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин толук жаңылоо мезгилине кирүүдө. Андыктан, азыркы саясий багыт улантыларын кепилдөө өтө маанилүү.

Анткен менен Путин 2008-жылдын мартында президенттигинин экинчи мөөнөтү аяктагандан кийин да Орусиянын саясатында үстөмдүк кылуусуна багытталган план кандай уланары азырыча так белгисиз. Көпчүлүк Путин саясий сахнада калат деп эсептешет. Бирок Орусияда "2008-жылдын маселеси" атыккан көйгөйдү чечүү Путиндин командасынын узак мөөнөткө эсептелген саясий максаты сыяктуудай.

Аналитиктердин пикиринде, узак мөөнөткө эсептелген ал максат - президенттик бийлик биринен экинчисине кантип өтөөрү беймаалым болгон көйгөйдөн биротоло арылткан жаңы жана туруктуу саясий системаны түзүү.

Бирок, Путин тигил же бул жол менен бийликте калган күндө да, ал үчүн легитимдүүлүктү камсыз кылуу өтө маанилүү болуп тургандай. Соңку айларда легитимдүүлүктү камсыз кылуунун бир катар жолдору айтылып жатты. Маселен, айрымдар Путинди "улуттук лидер" деп жарыялоону сунуш кылышты.

Путин өзү үчүн мөөнөт үчүн Конституцияны бузбасын же өзгөртпөсүн такай айтып келүүдө. Ал быйыл октябрь айында "Бирдиктүү Орусия" партиясынын шайлоо тизмесин жетектерин жарыялаганда, болочокто ал премьер- министрликке келет, бийликтин көбү президенттен өкмөт башчысына өтөт деген жоромолдор айтылган болчу. Бирок Путин кийинчерээк президент менен премьер- министрдин ыйгарым укуктары өзгөрүшүнө каршылыгын билдирди. Мамлекеттик департаменттин Орусия боюнча мурдагы адиси, азыр Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун кеңешчиси Стивен Пифер учурда орус элитасы арасында кооптонуу бар деген пикирде:

-Алар институттар өтө эле алсыз система кургандыктан оорчулуктун көбү Путинге түшкөн кырдаалга ээ болуп турат. Андыктан, баары тынчcызданып жатат.

Айтор, Путиндин кийинки шайлоого катышуусуна жол ачуу үчүн ортодо утурумдук, техникалык президент болот деген да жоромолдор айтылган. Бирок бул сценарий ишке ашкан күндө да, маселенин кыска мөөнөткө гана чечилүүсү болмок. Кремлдин аракеттерине байкоо салгандар, Путин жана анын айланасындагылар азыр саясий системага толук үстөмдүк кылууну көздөп калганын көбүрөөк айтышууда.

"Известия" гезитинин 29- ноябрдагы санында Кремлге ыктаган Политика изилдөө борборунун президенти Вячеслав Никонов шайлоодон кийин Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын жана Мамлекеттик думанын төрагалыгына келүүнү караштырып жатканын жазып чыкты. Орусиянын Илимдер академиясынын социология институтунун Элитаны изилдөө борборунун директору Ольга Крыштановскаянын пикиринде да, Кремлдин стратегдери бул сценарийди узактан бери талкуулап келүүдө жана мындай жагдай бир партияга негизделген жаңы системанын түзүлүшүнө жол ачат:

-"Бирдиктүү Орусия" башкаруучу партия катары шайлоодо жеңип, парламенттен конституциялык көпчүлүктү, орундардын үчтөн эки бөлүгүн ээлеп калат. Ошондой эле аймактык парламенттерде да көпчүлүктү түзөт. Мындай жол менен алар президентти да, премьер- министрди да, губернаторлорду да башкарат. Баардык бийлик партияда болот жана баары партиялык тартипке баш ийет. Партиянын жогорку кеңеши баарын башкарып турган советтик политбюрого окшошуп калат.

Эгер, Кремлдин планы чын эле ушундай болсо, анда өлкө Конституциясына ири өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Бийлик партиясы көпчүлктү түзүүчү жаңы Думада бул кыйынчылыкты жаратпайт. Бирок, Орусия мындай жолду тарыхта буга чейин эле басып өткөнү, ал кандай аяктаганы белгилүү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG