Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Алгачкы эсептөөлөргө караганда, 4 партия Орусия Мамдумасына жолдомо алууда


Орусиянын Борбордук шайлоо чордонунун (БШЧ) маалымдашынча, шайлоо бүллетендеринин эсептелип бүткөн 29 пайыздай бөлүгүнүн натыйжасына караганда Орусия Думасына төрт гана партия жолдомо алууда. Алар – президент Владимир Путин сапта биринчи болуп турган “Бирдиктүү Орусия” партиясы, Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы, Либерал-Демократиялык партия жана “Адилет Орусия” партиясы.

БШЧнын маалымдашынча, “Бирдиктүү Орусия” партиясы саналган добуштардын 63 пайыздан ашуунун алган. Ал эми Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы азырынча 11 пайыздан ашуун добуш менен экинчи орунда келүүдө. Либерал-Демократиялык партия коммунисттерге дээрлик куйрук улаш (10 пайыздан көбүрөөк) келүүдө. Сергей Мироновдун “Адилет Орусия” партиясы азырынча 7 пайыздан саал көбүрөөк добуш алып, босогодон өттү.

Добуштардын эң алгачкы 12 пайызы саналган чакта, “Яблоко” (“Алма”; 1,2%), Оңчул күчтөр биримдиги (1.1%), “Атуулдук күч” (0.9%) сыяктуу партиялар азырынча бир пайыздын ары-жак-бери жагын алганы гана маалымдалган.

БШЧнын маалымдашынча, жекшембидеги шайлоого орусиялык шайлоочулардын 60 пайыздайы катышкан. Төрт жыл илгери орусиялык шайлоочулардын 56 пайыздайы добуш берген эле.

XS
SM
MD
LG