Орусиянын парламентине шайлоого Бишкек чөлкөмү боюнча орусиялык 3002 атуул же шайлоочулардын 32 пайызы келип добуш беришти. Кыргызстандагы орус элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченконун билдиришинче шайлоого катышкандардын 84 пайызы “Бирдиктүү Орусия” партиясына добуш беришкен. Ал эми Ош, Каракол чөлкөмдөрү боюнча жыйынтык эртең чыгарылат. (AJ)