Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:53

АТАМБАЕВДИН КЕТИШИ ОППОЗИЦИЯНЫН ЧАБАЛДАП БАРАТКАНДЫГЫНЫН БЕЛГИСИ


Аким Өзгөн, Түркия Алмазбек Атамбаевдин премьер-министрлик кызматтан кетиши батыштык басылмаларды да кызыктырбай койгон жок. “Казакстан ЕККУну башкара алабы” деген суроо күн тартибинде кызуу талкууланууда.

“Март айында Кыргызстанда саясий чыр-чатак туу чокусуна чыккан кезде Президент Бакиев менен өлкөнүн өжөрдүү оппозициясынын ортосунда ортомчул болуш үчүн премьер-министр кызматына келген Алмазбек Атамбаев парламентке боло турган шайлоолордун алдында кызматтан кетти” деп жазат New York Times гезити жума күнү чыккан санында.
“2006- жылда Бакиевге каршы болгон массалык нааразылык аракеттерин жетектеген Атамбаев кийин Бакиевдин өкүмөтүнө жардам бериш үчүн барган менен ал оппозициялык кыймылдын катарынан да биротоло кеткен жок” деп белгиленген макалада 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоодо Атамбаевдин социал-демократтар партиясы менен бирге 12 партия ат салыша турганы баяндалат.

Eurasia View интернет баракчасы дагы Атамбаевдин кызматтан кетиши тууралуу макаласын жарыялап, “Атамбаевдин март айында премьер-министр кызматына дайындалышы ошо кезде оппозициянын күчүнүн манифестациясы катары бааланган болсо, анын кызматтан кетиши да оппозициянын чабалдап бараткандыгынын белгиси” деген пикирди билдирет. “Бул Бакиевдин жана анын “Ак Жол” партиясынын колдоочуларынын 16-декабрда өткөрүлө турган шайлоонун өзүлөрү үчүн ири жеңишти алып келерине улам бекемирээк ишенип жатышканын ырастап турат,”- деп белгиленген макалада.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна 2010- жылы төрагалык кылуу кезеги Казакстанга берилгенин адам укуктарын коргоочу Human Rights Watch эларалык уюму сынга алды. Аталган уюмдун интернет порталында жарыяланган бир макалада Казакстан бул орунга 2005- жана 2006- жылдар үчүн да кайрылган менен андагы адам укуктарынын сакталышынын абалынын начар болушуна байланыштуу четке кагылгандыгы эске салынып, “Казакстан ЕККУнун милдеттенмелерин өз өлкөсүндө дале аткарбай келет. Ошондуктан, уюмдун адам укуктарын сактоо боюнча милдеттенмелерин туу кармоо озуйпасын Казакстанга тапшырыш дегеле туура чечим болгон жок” деп уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Холли Картнердин айткандары келтирилген.

Wall Street Journal гезитинин жума күнкү санында Казак өкүмөтү менен ЭНИ баштаган эларалык консорциум ортосунда Кашаган мунай кени тууралуу сүйлөшшүлөр туюкка такалып калганы билдирилген. Гезиттин маалымдашына ылайык, Казак өкүмөтү Кашаган долбоорундагы кечигүүлөр себептүү батыштык консорциумдан 7 миллиард $ айып пул талап кылса, ЭНИ 4 млрд $ гана төлөй ала турганын билдирген. “Кийинки 30 жылдын аралыгында табылган дүйнөнүн эң бай мунай кени саналган Кашагандан мунайды казып чыгаруу ириде ойлонулгандан алда канча кыйын жана кымбат болуп чыкты” деп айтылат макалада.

Түркияда англис тилинде чыгуучу Turkish Daily News гезити Эстониянын ири текстил фирмаларынын бири саналган Креенхолм пахта талааларында балдардын эмгеги пайдаланылып жаткандыгы тууралуу медиа каражаттарында коюлуп жаткан айыптоолордон улам Өзбекстандан пахта сатып алууну токтотуп койгонун жазып чыкты. Дүйнөдөгү пахта экспорту жагынан экинчи ири өлкө болгон Өзбекстандын башкы клиенттери Бангладеш, Кытай, Иран, Пакистан, Росия, Түштүк Корея жана Вьетнам экени билдирилген макаладагы маалыматтартарга караганда Ташкент бийлиги андайча айыптоолорду чечкиндүү четке каккан.

Германиянын Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинде “Ленин, Арие жана Заратустра” деген баш сөз менен ири бир макала жарыяланып, анда “экс-советтик жумуруят Тажикстан элди аша чапкан исламчыл тенденцияларга каршы иммундаштырыш үчүн көөнө тарыхын алдыңкы планга чыгарып жатат” деп айтылат. Исламды тең салмакташтыруу жана орус-советтик мурастан өзүн арылтуу максатында Тажикстан бийлиги тажиктердин ариа тукумун, мындайча айтканда, индо-европалык тегин туу көтөрө башташкандыгы билдирилген. Макалада ошондой эле Ленин, андан ары Фирдавс аталган Душанбенин борбордук аянты эми Парси Саманид династиясынын куруучусу Сомондун аты менен атала баштагандыгына көңүл бурулат да, бул мурдагы советтик жумуруяттын постсоветтик таржымалы тууралуу кең кесири маалымат берилет.
XS
SM
MD
LG