Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ ЖАНА КЫРГЫЗДЫН АЙКӨЛДҮК НАРК-НАСИЛИ


Фатима Абдалова Көрүнүктүү акын Асан Жакшылыков жакында Кыргыз эл жазуучусу ардактуу наамын алды. Кыргызга аттын кашкасындай таанымал акын соңку учурда адабияттагы эжетерика илимине же болбосо Кудай таануу аркылуу сөз айтууга багыттап жазып келатат чыгармаларын. Анын “Уюкулуу эл жана мезгил” аттуу учурда жазып жаткан чыгармасынын негизги өзөгү - кыйналып турган элдин ооматын кыргыздын адепки айкөлдүк системасынан издеп таап, бүгүнкү күнгө кайтарып алуу.

Кыргыз эл жазуучусу, акын Асан Жакшылыковдун поэзиясына тиешелүү эң башкы өзгөчөлүк - өткөн менен бүгүнгө, бүгүндөн туруп эртеңге – “убакыт” деген күзгүдөн карап ой жиберүү мүнөздүү. Акындын “Адамды байлык тебелейт” аттуу ырынан үзүндү келтирели:

Чындыгың кээде жалгандай,
Турмуштун жолу ар кандай.
Адамзат бүткүл тагдырын,
Акчага байлап салганбы ай...

Антсе да неге кенебейт,
Адамды байлык тебелейт...
Акылман Бакай турса да,
Акчага көпкөн жемелейт...

Акчалуу ачык кутуруп,
Акчасыз калган утулуп,
Турганын көрүп кейидим,
Турмуштун Айдай тутулуп.

Асан Жакшылыковго айрым суроолорду узаттык эле:

- Асан мырза, сиз кечээ жакында “Кыргыз Эл жазуучусу” деген жогорку наамды алдыңыз. Мындай жогорку сыйлыкты кандай кабыл алдыңыз?

-Чынын айтсам, бул жогорку сыйлыкты кыйла токтоо кабыл алдым. Мурда Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгын алганымда асман-жердин ортосунда учкан элем... Балким бул курактандыр, а балким элимдин алдындагы дагы жаңы жоопкерчиликтердендир...

- Алдыда шайлоо келатат. Кайсы бир партияга кирдиңизби?

- Эми акын өзү саясатчы ырлары менен... Ал эми акындын “поэзия” деген саясаты элге арналып, элге кызмат кылып, түбөлүктүү эмеспи...Бир чети саясаттан көңүлүм да калган, аралаша коем деп...

- Сиз “Кыргыз көчүн” аалам алкагынан карап изилдеп жазып келатасыз... Кыргызстандын келечегине кандай карайсыз?

- Эми Кыргызстандын келечеги жакшы, Кудай буйруса. Тек гана биз – кыргыз эли ооматыбыздын башаты болгон адепки айкөлдүк системабызды унутуп калдык... Ошол ата-бабабыз карманып келген айкөлдүгүбүздү бүгүн күндөн ачалсак, экономикабыз да өнүгөт эле... Биз академик Турар Койчиевдер болуп учурда ошол айкөлдүк системасынан карап Кыргызстанды өнүктүрүүнүн экономикалык моделин изилдеп жазып жатабыз.

Асан Жакшылыковдун “Асылым” аттуу төрт сабы аруу махабатты даңазаласа, “Чындык бирөө, жалган көп” деп аталган философиялык төрт сабы күнүмдүк көртирликтин өң-алетинен тартып, дүйнөлүк кыян-кыяматтуу көрүнүштөрдү көз алдыга тартууга дараметтүү.

“Асылым”

Атыңды жүрөк жаттаган,
Аземдүү түндүн шоокумун,
Ак шамдай эсте сактагам.
Сакталса сүйүү жүрөктө,
Сагыныч бойду каптаган.
Эми ошол сулуу сезимден,
Эмгиче сүрдөйм, жазганам...

“Чындык бирөө, жалган көп”

Чындык бирөө, жалган көп,
Чын сөзүнөн тайган көп.
Чындык запкы жеген соң,
Чындыгында арман көп.

Акын жана тарыхчы Абдрахман Алымбаев Асан Жакшылыков кийинки учурдагы чыгармаларын эжетерика илимине – Кудай таанууга негиздеп жаратып келатканын белгиледи:

- Асан Жакшылыков кийинки убакта уламыштарга, мифтерге негизденип жазып келатат чыгармаларын. Мен бул чыгармаларды кыргыз таанууда, улут таанууда өзүнүн өтө чоң ролун ойной турган чыгармалар деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG