Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр БШКга ишеним көрсөтпөй, бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы митинг уюштуруп, элди көтөрүп чыккан жатышат. Мындай чечим «Ата мекен» партиясынын таза шайлоо өткөрүү боюнча уюштурган бүгүнкү конференциясында кабыл алынды. Анда митингдерди жер-жерлерде жана Бишкек шаарында өткөрүү макулдашылды.

Оппозициядагы партилар жана жарандык уюмдар парламенттик кезексиз шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болуп, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн административдик ресурстар болуп көрбөгөндөй колдонулуп жаткандыгын белгилешүүдө.
Оппозициялык партиялардын лидерлердин билдиргенине караганда, БШК парламенттик шайлоого кесипкөй мамиле жасоого кудуретсиз болуп, «Ак жол» саясий партиясынын гана камчысын чабуу менен алектенүүдө. Буга акысыз жана акы төлөнгөн эфирдик убакыттардын акыйкатсыз бөлүштүрүлүшү, «Мекен», «Замандаш» өңдүү партиялардын катталбай калышы, ошол эле мезгилде «Ак Жол» партиясынын мыйзам бузууларга карабай катталышы, шайлоону калыс, сапаттуу уюштурбай жатышы өңдүү фактылар далил.
Мындан тышкары жер-жерлерде административдик ресурстар ачык колдонулуп, өкүмзордук аракеттер жасалууда , шайлоочуларды ак-карага бөлүү, «Ак Жол» лидерлеринин жолугушууларына бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин тартуу жергиликтүү бийликтин башкы милдетине айланды. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү шайлоочуларды опузалоо аркылуу добуш топтоого баш коюшту. Мындай көрүнүштөрдү экс-депутат Темир Сариев диктатуралык режимди орнотуунун элементтери катары баалады. Экс-депутат Кубатбек Байболов мыйзамды тебелеп-тепсөөчүлүктү токтотуу үчүн элдин үнүн угуу зарыл деп билдирди.
Оппозициялык көпчүлүк катышкан конференция бул максатта жер-жерлерде жана Бишкекте митинг өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул максатта бир-эки күн аралыгында оппозициялык партиялар билдирүү менен чыкмай болушту. Конференция «Ата Мекен» саясий партиясынын Бишкек кеңсесинде өтүп, ага «Мекен», СДП, «Эл добушу», «Асаба», Жашылдар партияларынын, «Демократия жана жарандык коом үчүн!», «Таза табият», «Интербилим» баштаган жарандык коом лидерлери, эл аралык байкоочулар катышты. (Bus)
XS
SM
MD
LG