Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Орусияда болуп өткөн шайлоо тууралуу Кыргызстандык жарандардын пикирлери ар түрдүү. Айрым саясатчылар орус бийлиги өзүнө караштуу партияны өткөрүү үчүн административдик ресурстарды колдонууга барды деген ойлорун түрдүү жоромолдор менен бекемдешүүдө. Ошол эле учурда Орусия коомчулугу Путиндин саясатын колдойт, ошондуктан “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жеңиши акыйкат болду деп талашкандар да жок эмес.

Орусияда болуп өткөн парламенттик шайлоого кыргыз коомчулугу да кызыгуу менен көңүл бөлгөндүгү бүгүнкү талкуулардан улам билинип турат. Буга бир жагынан Кыргызстанда да парламенттик шайлоонун жакындап келатканы таасирин тийгизип жаткансыйт. Алгачкы жыйынтыктар боюнча ат салышкан бир нече саясий партиялардын ичинен “Бирдиктүү Орусия” партиясынын алтымыштан ашуун пайызга ээ болуп, атаандаштарынан озуп чыккандыгы айтылууда.

Кыргызстандык айрым саясатчылар орус бийлигине караштуу бул партиянын жеңиши акыйкат болгон жок, алардын шайлоодо утуп чыгуусу үчүн бийлик бир топ аракеттерди жасады деген пикирде. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Орусиядагы шайлоого көз салган көз карандысыз байкоочулардан шайлоо адилет өтпөгөндүгү тууралуу маалыматтар алынып жаткандыгын кабарлады. Ал Орусияда таза шайлоо өткөрүү боюнча эл аралык жоболор аткарылган жок деп эсептейт:

-Административдик ресурс менен кандайча бийликтин партиясы ийгиликке жетише алат дегенди биз мына ушул Орусия тараптан көрүп жатабыз. Булар аябай өкүнүчтүү, бирок чыныгы маалыматтар.

Төлөйкан Исмаилованын пикирин кубаттоого алгандардын арасында “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев да бар. Саясатчынын пикиринде “Бирдиктүү Орусия” партиясынын тизмесинде президент Владимир Путиндин катталып турушу партиянын жеңишин алдын ала эле камсыздаган:

-“Бирдиктүү Орусия” партиясынын тизмеси баштан-ылдый бүтүндөй бийликте отурат. Биринчиден административдик ресурс колдонулду. Экинчиден президент Путин баш болуп тизмеге кирип, “Единоросстун” тизмесин президент баш болуп башкарып атса, албетте 65% алат да алар.

Топчубек Тургуналиев бийликтин күчүн пайдалануу менен ийгиликке жетишүүгө аракеттер Кыргызстанда жакында болуучу парламенттик шайлоодо да колдонулат деп ойлойт.

Орусиядагы көз карандысыз “Левада” аттуу социологиялык изилдөө борбору шайлоонун жыйынтыгы тууралуу алдын ала божомолдорун жарыялап, орус думасындагы басымдуу орунду “Бирдиктүү Орусия” партиясы ээлей тургандыгын билдирген. Мына ушул божомолдор ишке ашты, бүгүнкү ийгилик сегиз жылдык башкаруу убагында орус элине кадыр-баркы өткөн Владимир Путиндин ийгилиги, дейт саясат таануучу Токтогул Какчекеев. Анын айтуусунда Путиндин бийлик башына келүүсү менен Орусия дүйнөдөгү бийик ордун сактап кала алды:

-Өтө так, туура өттү деп ойлойм. Албетте кемчиликтер болот, бирок булар техникалык түрдөгү кемчиликтер. Бүгүнкү күндө элге кадыр-баркы өткөн президент Путиндин партиясы өттү десек жаңылышпайбыз. Муну биз күткөнбүз. Бүгүнкү ийгилик – туура ийгилик, -дейт Токтогул Какчекеев.

Айрым саясатчылар Орусиядагы шайлоо технологиялары мурдагы советтик өлкөлөрдүн баарында колдонулуп, бул өлкөлөрдө шайлоолор адилет өтпөй тургандыгын ачыктады деген ойлорун айтышууда. Мунун желаргысы 16-декабрда парламенттик шайлоо өткөрүүгө камынып жаткан Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт, дешет алар. Бийликке караштуу партиянын шайлоого барышы, аны өткөрүү үчүн эмитен тартып эле административдик ресурстардын колдонулушу буга ачык мисал катары айтылууда. Ошол эле учурда парламенттик шайлоо адилет өтөт деп ишенгендер да бар. Албетте, аны убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG