Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

18:45 Таласта бюджеттик мекеме жетекчилери үгүт иштерине мыйзамсыз кийлигишип жатат


“Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү Бакайата районунда шайлоонун үгүт иштерине айрым бюджеттик мекеменин жетекчилери мыйзамсыз кийлигишип жатканы тууралу акт түзүшкөн. Биринчи акт Кызылоктябрь айылындагы Чалдавар орто мектебинин мугалими Сакеев Асранкул окуучу балдарга “Ак жол” партиясына кирүү тууралу даяр арыз жазылган баракчаларды берип, аны ата-энелерине толтуруп келүүгө мажбур кылгандыгы тууралуу түзүлгөн. Экинчи акт райондогу Кушу Султаналиев атындагы мектептин залында райондогу беш айылдын шайлоочуларын чогултуп, “Ак жол” партиясы спорттук оюндарды өткөрүп жана аны каржылап жатат деп жазылган. Ошондой эле үчүнчү актыда Акдөбө айылындагы участкалык милиция кызматкери Керимзак Корчубеков “Ак жол” партиясына үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу билдирилген. Бул маалыматты “Ата мекен” партиянын Талас облусу боюнча лидерлеринин бири Акмат Дооронбеков “Азаттыкка” маалымдады. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG