Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

19:21 Москва районунда губернатор “Ак Жолду” жактап үгүт жүргүзгөнүнө нааразы болуп жатышат


Облустук шайлоо комиссиясы уюштурган жолугушууга он эки партиянын өкүлдөрү жана Москва районунун тургундары катышты. Жолугушууда ар бир партиянын программасы кеңири тааныштырылып, андан соң жергиликтүү тургундар тарабынан үгүт иштерине байланышкан сын пикирлерлер айтылды. Алардын бири райондогу «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев «Президент Александровкада болгонунда, губернатор өзү элди «Ак жол» партиясына ачыктан- ачык үгүттөдү" деп белгиледи. "Шайлоо кодексине ылайык, жергиликтүү бийлик үгүт иштерин жүргүзсө ал мыйзам бузуу болуп эсептелет жана ага байланыштуу сотко доо арыз менен кайрылууга толук негиз бар,"- деди БШКнын мүчөсү. Бирок облус губернатору Кубанычбек Сыйданов ага айтылган айыптолорду кур доомат катары моюндабай, четке какты. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG