Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

БОРШАЙКОМГО ЖАРАНДЫК КООМДУН ДООМАТЫ ЧОҢ


Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөө сунушуна бир катар бейөкмөт уюмдар да кошулууда. Маселен, шайлоо алдындагы кырдаалга, үгүт өнөктүгүнө байкоо салып жаткан «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору жана «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы БШК мйзам бузууга жол берип, өз милдетин аткарбай так жатканын айтып чыгышты. Ошол эле учурда БШК өкүлдөрү мындай сынга макул эмес.

Шайлоо алдындагы кырдаалга байкоо салган бейөкмөт уюмдар учурда бир партиянын кызыкчылыгы үчүн административдик ресурстар колдонулуп, башка партияларга ар кандай тоскоолдуктар жасалып жатканына тынчсызданышууда. «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова да бүгүнкү билдирүүсүндө үгүт өнөктүгүндө тең укуктуулук сакталбай жатканына тынчсыздануу билдирди:

- Бийлик админстративдик ресурсту пайдаланып атканы бизди өтө тынчсыздантууда. «Ак жол» президенттин партиясы экенин түшүнүп атабыз, бирок шайлоо принциптери боюнча бардык партиялар тең укукта болушу керек. Башка партиялары болсо «Ак жолдой» болуп жер-жерлерде иштей албай, ар кандай тоскоолдуктарга кабылып жатат. Шайлоо жараяны ачык-айкын, мыйзамдуу болсун десек андай бут тосууларды токтотуу керек.

Төлөйкан Исмаилова ошондой эле БШК айрым саясий партияларды шайлоого катышууга каттабай коюу менен алардын укуктарын бузду деп эсептейт.

Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөө маселесин козгогон уюмдардын бири - «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова шайлоо алдындагы кырдаалды, мыйзам бузуулар болгон-болбогонун көзөмөлдөө БШКнын милдети экенин айтып, бирок БШКнын азыркы иши ага ишеним көрсөтпөөгө түртүүдө дейт:

- БШК азыр көз карандысыз, калыс иштеп атат деп айта албайбыз. Саясий партияларды каттоо же үгүт өнөктүгүнө байланыштуу ишине байкоо салсак, бул маселеде БШК бир дагы акыйкат чечим кабыл алган жок деп айтсак болот. Кыскасы, БШКнын жүргүзүп жаткан иши ага ишеним көрсөтпөөгө түртүүдө.

Динара айым ошондой эле БШК айрым мыйзам бузууларга да жол берип жатканын, маселен Орусиянын базарларында кыргыз жарандары үчүн добуш берүү уюштуруу шайлоо кодексине каршы келэрин айтып, бул маселенин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн сотко кайрылып жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда БШК мүчөсү Көкүмбай Турусбеков Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо кодексине ылайык иштеп жатканын, ишеним көрсөтпөөгө эч кандай негиз жоктугун айтат:

- Үгүт өнөктүгүнө көзөмөл толук бойдон жүрүүдө. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо бизге кагаз жүзүндө кайрылыш керек. Ишеним көрсөтпөөгө негиз жок. Биз шайлоо кодексинде көрсөтүлгөнгө ылайык аракет жасап, ошонун негизинде гана иштеп жатабыз.

Бирок соңку күндөрдө административдик ресурс ыксыз колдонулуп, үгүт өнөктүгүндө партиялардын тен укуктуулугу сакталбай жатканы коомчулукта байма-бай айтыла баштады. Айрым талдоочулар болсо мындай мамиле улана берсе өлкөдөгү комдук-саясий абалдын курчушуна алып келиши ыктымалдыгын болжошууда.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG