Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

«Ак жол – расмий бийликтин партиясы. Реалдуу программасы бар. Алдыдагы шайлоодо аны колдоп берээриңиздерге терең ишенем». Президент Курманбек Бакиев 3-декабрда Оштогу магниттик-резонанстык томографиялык борбордун ачылышында ушинтип өзүнүн ой-максатын ачык жар салды. Айрым саясий күчтөр муну туура көрсө, кээ бирлери мамлекет башчысы өзү мыйзамды бузду деп сындап жатышат.

Курманбек Бакиев Ошко жумушчу сапарында адегенде Оштогу магниттик-резонанстык томографиялык борбордун тасмасын кыркып, андан кийин Ош шаарынын жана облусунун медициналык кызматкерлеринин астында сүйлөдү. Өлкө башчысы аталган мекеме Борбор Азиядагы эң кубаттуу медициналык жабдуулар менен камсыз кылынгандыгын, республикада коррупция Акүйдүн 7-6-кабаттарынан көчөгө айдалгандыгын баса белгилеп, парламенттик шайлоодо «Ак жол» партиясына добуш берүүгө үндөдү:

- Азыркы шайлоого 12 гана партия катышат. Алардын ичинен күч-кубаттуу, элдин купулуна толгон партиялар шайлоодо жеңип чыгышат. Ушуга байланыштуу бийликти колдогон “Ак жол” элдик партиясы жөнүндө оюмду айта кетейин. Оппозиция болбосо бийликте отургандардын көзүн май басып кетет, туура, керек ал. Бирок конструктивдүү оппозиция болуш керек, силер муну туура эмес жасап атасыңар, мындай кылыш керек деп, же туура жасаган ишке кошулуп, бирге жасайбыз деген болсо гана. Кудай жалгасын, андай болбой жатпайбы. Ошондон улам мен жанагыдай чечимге келдим, демек расмий бийликти сындаган, жамандаган партиялар болсо, анда жок дегенде бир партия түзбөйлүбү расмий бийликти колдогон деп, “Ак жол” партиясын түзгөнүм ошондон болду. Буга турмуш өзү алып келди. Ушул саясий партиянын колдоосу менен реформаларды ийгиликтүү жүргүзө алабыз деген терең ишеним бар. “Ак жол” партиясынын программасы 2007-2010-жылга чейин кабыл алынган стратегиялык программа. Элибизге, өлкөбүзгө ак жол, жакшылык каалап, партиянын атын "Ак жол" койдук. Биздин жолубуз туура экенине ишенүүгө толук негиз бар. Партиянын иши, жүргүзүлүп жаткан реформалар ийгиликтүү боло турганына мен терең ишенем. Эл үчүн бардык күчүн арнаган, туу көтөрүп, туура жолго үндөгөн, элди биримдикке жана эмгекке чакырган партия элдин колдоосуна ээ болот деп ишенем, - деди Курманбек Бакиев.

Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Салима Нургазиева оштук ак халатчандар шайлоодо «Ак жолго» гана добуш берээрин убада кылды:

- Медицина кызматкерлери сизди колдоп, ушул шайлоого катышып беребиз деп сизди ишендирип кетем.

«Ата Мекен» партиясынын жаштар канатынын лидери Бакыт Алпетов Президент Бакиев Башмыйзамдын кепили болгондон кийин бардык партияларга бирдей мамиле жасоого милдеттүү эле деген пикирде:

- Бизде Конституцияда президент эч кандай партияга киргенге акысы жок деп жазылган. Экинчиден, президент өзү ойлонушу керек эле, өзүнүн партиясы болсо дагы. Президент башы менен келип ушинтиши, бул өзүнүн пастыгы, мыйзамды сыйлабагандыгы, КР Конституциясын сыйлабагандыгы. Партиясы болсо урматтуу Курманбек Салиевич президенттигин таштап коюп, партиянын биринчи тизмесине жазылып, Конституцияны бузган Чолпон Баекованы отургузбай, өзү жазылыш керек эле. Ошондо биз менен тең, бирдей укукта жарышка түшөт эле да, - дейт Бакыт Алпетов.

«Асаба» партиясынын Оштогу башчысы Данияр Сагынбаев мындан трагедия жасоонун кажети жоктугун билдирет:

- Президент дагы өзүнүн партиясына чакырат, биз өзүбүздүн партиябызга чакырабыз. Мен туура деп ойлойм. Башка өлкөлөр деле, мисалы В.В. Путин деле өзүнүн партиясына чакырды. Биздин президентибиз дагы өзүнүн партиясына чакырык айтып жатат. Бул чакыруусу нормага жооп берет деп ойлойм, - дейт Данияр Сагынбаев.

Ал эми «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук штабынын жетекчиси Манас Эргешов өлкө башчысы Бакиевдин бүгүнкү сөзүн «Ак жолдун» пайдасына үгүттөө катары эсептеп, эми кошоматчы жетекчилердин күнү тууйт, шайлоо жыйынтыгы бурмаланат деген ойдо:

- Эми Конституциянын гаранты болгондон кийин президент мындай сөзгө барышы керек эмес эле. «Ак жол» менин партиям колдоп бер деген сөз бул ачык эле басым деп ойлойм. Баягы Акаевдин учурунда эле чуркап жүргөндөр, буларга Кудай берип калбайбы. Бүгүнкү сөзү менен бул ачык эле указание берген деп ойлойм, - деди Манас Эргешов.
XS
SM
MD
LG