Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

ВЕНЕСУЭЛА: УГО ЧАВЕС РЕФЕРЕНДУМДА КОЛДОО ТАПКАН ЖОК


Венесуэлада жалпы элдик референдумдун жыйынтыктары жарыяланып, анда президент Уго Чавестин Башмыйзамдын жаңы редакциясына өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушу колдоо тапкан жок. Жекшемби күнү өткөн референдумда президенттин шайлануусу үчүн мөөнөттүк чектөөлөрдү жоюу тууралуу маселе коюлган эле.

Венесуэла президенти Уго Чавес – популисттик маанайдагы лидерлердин бири. Башкача айтканда, Чавес шайлоочуларына алар уккусу келген куру убадаларды бергенди жакшы билет. Буга чейин Венесуэла эли анын сөздөрүнө ишенип келген болчу. Өлкөнүн башкы байлыгы мунайдан түшкөн пайданы коомчулуктун жакыр катмарларына таратып берүү – бул Чавес берген убадалардын бири. Мунун айынан Венесуэланын ишкерлери арасында бир катар адам Чавеске оппозиция болгон. Бирок бул жекшемби күнү Чавес анын тарапкерлери дагы күтпөгөн кадамга барды. Ал жалпы элдик референдум өткөрүп, анда Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, тактап айтканда, президенттик мөөнөттү алты эмес, жети жылга узартууну жана кайрадан бул кызматка шайланууга коюлган чекти алып таштоону сунуш кылды. Эгерде бул сунуш референдумда колдоо тапса, Чавес өмүрүнүн акырына чейин президент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Ал эми референдумда шайлоочулардын колдоосун табуу үчүн Чавес иш убактысын эки саатка азайтып, добуш берүү курагын 18 эмес, 16 жаш болсун деп сунуш кылды.

Бир катар байкоочулар Чавестин мындай иш-аракеттери калк арасында колдоо табат жана ал референдумда жеңишке жетет деп болжошкон эле. Бирок андай болгон жок. Кечээ (2-декабрда) кечке жуук референдумдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин Уго Чавес жеңилгенин мойнуна алды:

Мен атаандаштарымды жеңиши менен куттуктайм. Биз узакка созулган таймаш үчүн жаралганбыз. Биз азырынча гана жеңилдик. Бардыгы алдыда,- деди Чавес Улуттук сыналгыдан калкка жасаган кайрылуусунда.

Улуттук шайлоо кеңешинин маалыматына ылайык, референдумда шайлоочулардын 51 пайызы президент сунуш кылган өзгөрүүлөргө “каршы”, 49 пайызы болсо “макул” деп добуш берген. Өмүрүнүн акырына чейин президент болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Чавестин мөөнөтү 2013-жылы аяктайт. Ага карабастан Венесуэланын президенти тарапкерлерине өлкөдө социализм курууга, өзү баштаган реформаларды соңуна чыгарууга сөз берди.

Уго Чавес президенттик кызматка келгенден бери жумушчулар үчүн айрым социалдык камсыздоо сыяктуу реформалар ишке ашты. Бирок адистердин баамында, Чавес мунайдан түшкөн пайданы калктын керектөөсү үчүн колдоно албай келет.

XS
SM
MD
LG