Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

4-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Еренак баштаган энесайлык кыргыздар 1679-жылдын 4-декабрында Красноярскиге кол салышты. Мындан туура 26 жыл илгери Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов киши колдуу өлтүрүлгөн.

Еренак баштаган энесайлык кыргыздар 1679-жылдын 4-декабырында Красноярскиге кол салышты. Энесайлык кыргыздар алтыр, есер аймактарынан топтолушуп, аларга кызылдык татарлар жардам беришкен. Согуш айыгышкан мүнөз алып, кыргыздар орус чебин үч күн бою камап турган. Чепти коргогон орус аскерлери жоготууга учураганы менен алар кайратынан жазбай чабуул мизин кайтарып турушкан. Мындан улам кыргыздар чепти алуудан баш тартышып, артка кайтышкан. Еренактын аскерлери ара жолдо орустардын эки айылын өрттөп, арбын олжо менен эл-жерине келишкен.

1926-жылдын 4-декабрында өткөн, кыргызстандык кызматкер аялдардын III областтык жыйынында, кыргыз аялдарынын эркиндиги талкууланып, жаңы заманга шайкеш жашаш үчүн «чабуулга чыгуу» чакырыгы ташталды.

Мындан туура 26 жыл илгери Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов киши колдуу өлтүрүлгөн. Министрлер кеңешинин төрагасы Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында, Смагин аттуу оорукчан адам 1980-жылдын 4-декaбырында өкмөт башчыныны атып кеткен.
Султан Ибраимов убагында Кыргызстан компартия Борбордук Комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. С. Ибраимов ишке жана адамдарга карата болгон принципиалдуу мамилеси, дүйнөлүк кубулуштарга прогрессивдүү көз карашы менен айырмаланган. Айрым адистердин айтымында Советтер Союзунда С. Ибраимов С. М. Кировдон кийин киши колдуу өлтүрүлгөн жогорку бийлик адамы болгон.

Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Иванов 2002-жылдын 4-декабрында эки күндүк визит менен Кыргызстанга келди.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2002-жылдын бу күнү 2003-жылга каралган мамлекеттик бюджетти кабыл алды. Парламент өлчөгөн бюджетке ылайык, анын кирешеси-13 млрд. 844 млн. сом, ал эми чыгашасы-13 млрд. 968 млн. сом, бюджет тартыштыгы- 124 млн. сом менен белгиленди.

2003-жылдын бу күнү Бишкек шаарында Борбор Азиянын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн эларалык кызматташтыкты арттырууга арналган эларалык конференция ишин баштады. Конференцияга канатташ жайгашкан өлкөлөрдүн адистери катышып, региондогу суу-энергетика ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча пикир алмашуулар жүрдү.

Бу күнү, 1791-жылы «Обсервер» англис гезитинин биринчи саны жарык көрүп, 1877-жылы Петербургдун жанындагы Павловск шаарында магниттик-метереологиялык обсерватория ачылып, 1954-жылы туризм боюнча жазган жазуучу жана журналисттердин Эларалык федерациясы уюшулган.
XS
SM
MD
LG