“Биз Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алдык. Клара Кабилова жана БШКнын мүчөлөрү шайлоону бурмалоого жол берсе мыйзам алдында жооп берип, кылмыш жообуна тартылышы керек,”- бул тууралуу “Ата Мекен”, “Ар намыс”, “Асаба”, “Жашылдар партиясынын” өкүлдөрү кечээки жыйында билдиришти. БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков болсо оппозициялык күчтөрдүн БШКга ишеним көрсөтпөөсүнө негиз жок деген көз карашта. (AJ)