Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Россиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бийлик өкүлдөрү бир ооздон президент Путиндин жеке жеңиши катары баалап жатышат. Аларга кошулуп, Путинди казак жана француз президентттери да куттукташты. Ал эми ПАСЕнин жана ОБСЕнин парламенттик ассамблеясынан келишкен байкоочулар жекшембидеги шайлоону сынга алышты.

Россиялык оппозициялык саясатчылар эл аралык байкоочулардын баасына кошулду. Компартиянын лидери Геннадий Зюганов, “Бириккен жарандык фронттун” башчысы Гарри Каспаров, белгилүү укук коргоочулар жекшембидеги добуш берүүнү Россиянын тарыхындагы эң адилетсиз, ыпылас шайлоо деп аташты.

Бул ойлордун оролун Москвадагы көз карандысыз “Панорама” саясий изилдөөлөр борборунун башчысы Владимир Прибыловски да колдоду. “Бурмалоолордун бүткүл масштабына карабастан Путиндин планында белгиленген максат орундалган жок, - деп айтты ал “Азаттыкка”. – Максат болсо 2004-жылдагы президенттик шайлоодогудан кыйла көп добуш алууда турган. Мындан үч жыл мурда Путинди колдоп 71 проценттен ашык шайлоочу добуш берген. Жекшембидеги шайлоонун көрсөткүчү буга жеткен жок. Демек, мындан Путиндин рейтинги бир канча төмөндөп кеткенин көрсө болот”.

Жаңы шайланган Думада 450 орундун 315тейи “Бирдиктүү Россияга” тиймекчи. Ал эми коммунисттерди кошпогондо кремлчил үч партия чогулуп 393 мандатка ээ болот. Мындай абал бийлик партиясына өлкөдөгү мыйзам жана бюджет процессин өзү билгендей контролдогонго, атүгүл конституцияны өзгөрткөнгө да мүмкүндүк берет. Бу жагдайды комментариялап, солчул күчтөр союзунун лидери Борис Надеждин өлкөдө режим өзгөргөнүн белгиледи. “Биз Советтер Союзуна кайтып келдик, - деп айтты ал. - Нагыз бийлик эми бизде парламентте же кийинки президентте эмес, бир партияда - “Бирдиктүү Россияда” болот”.

Жекшембидеги шайлоодо либерал демократиялык партиялар чогулткан жалпы добуштар 2 проценттен араң ашты. 2003-жылы бул көрсөткүч төрт проценттин тегерегинде болгон эле. Бирок россиялык либералдардын күнү биротоло бүтүп бараткан сыяктанат деген кептерге “Яблоко” партиясынын лидери караманча кошулган жок. Шайлоочуларына чоң ыраазылыгын билдирип, Григорий Явлинский либералдарды колдогондор өлкөдө миллиондоп саналарын,алар үчүн ушунун өзү маанилүү экенин белгиледи.

Быйыл октябрда журналисттер менен өткөргөн маалымат жыйынында Путин Россия бери эле дегенде жакынкы 15-20 жыл ичинде “кол менен башкарууга” муктаж болорун айткан эле. 2-декабрдагы парламенттик шайлоо ушундай башкаруунун бардык саясий каражаттарын камдап берди. Байкоочулар Путиндин ошол экмет сөзүн эстеп, Россия “башкарылма” демократиядан “кол менен башкарыла” турган режим тарыйкасына өткөнүн айтышууда.
XS
SM
MD
LG