Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

БАКИЕВДИН БАШЫ ООРУЙ ТУРГАН МАСЕЛЕ БАРБЫ?


«Белый пароход» гезити А.Атамбаевди отставкага кетирүү менен К.Бакиев эми ага тоскоол болуп келген нерселерден арылганын, мындан ары өкмөттөгү маселелерди ал жеке өзү чечерин белгилеп, Америкалык «Стратфор» аттуу таасирдүү изилдөө борбору келтирген айрым бир бүтүмдөрдү мисалга тартат. Америкалык байкоочулардын айтуусунда президенттин башын чындап оорута турган бир маселе бар. Ал-АКШнын Кыргызстандагы авиабазасы. Америкалыктардын эсеби боюнча Москва бул аскер базанын (2005-жылдагы Өзбекстандагыдай) Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишин каалайт. Бирок ошол эле учурда аны калтыруу же калтырбоого байланыштуу кыргыз жетекчилигинин арасында бирдей пикир жок. Дагы бир себеби АКШнын авиабазасы өлкө казынасына оңой эмес киреше кийирип келет. Океандын ар жагындагы серепчилердин болжолу боюнча дагы бир талуулуу маселе ислам фундаментализми. Кыргыз президентинин күчү эми мындан ары акыркы кездери Фергана өрөөнүнө көчүгүн бекем батыра баштаган ислам радикалдарына каршы күрөшкө жумшалат.

Ушул эле гезит мындан тышкары Бишкекте маркумдарды жашыра турган жайды жер басып алуучулар басып алгандыктан көрүстөн үчүн жер түгөнгөнүн, ушу тапта кошумча жер сурап шаар бийлиги Чүй облусу менен сүйлөшүп жатканын, ошондой эле акыркы кездери ой-келди курулуш иштери күч алгандан тартып, шаарда илгертен келаткан тарыхый-маданий эстеликтер жок кылынып, анын ордун оюн-зоок имараттары, соода түйүндөрү, дүкөндөр ээлей баштаганын, ач көз ишкерелерге алдым-жуттум атка минерлер эриш-аркак болуп, өз тарыхыбызды өзүбүз талкалап киргенибизди кейиш менен кеп кылды.

Жогорку билим берүү тармагы тууралуу сөз кылган «МСН» гезити мамлекет бул тармак үчүн жылына 960,5 миллион сом бөлөрүн, бирок иш жүзүндө жогорку окуу жайлары бюджеттен бөлүнгөн каражаттын 5,9 пайызын гана алышарын, негизи эле жогорку окуу жайлары контракт менен окугандардын эсебинен жашап келатканын, бүгүн студенттердин 88 пайызы контракчылардан турарын, алар жылына окуу жайларына 150дөн 1800 долларга чейин акча төлөшөрүн сөз кылат. Гзезит ошону менен бирге эле мектеп жөнүндө баяндап, айрым мектеп деректирлеринин байкоосунда мектептерди эптеп эле иттен чыгарып, өп-чап каржылап туруунун өзү мамлекет үчүн пайдалуу болуп жатканын, анткени Кыргызстанда 1 млн.125 миң окуучу, 112 миң мугалим барын, мына ушул зор армияны кармап туруу үчүн эле оңбогондой каражат талап кылынарын, бирок мына ушул зор армияны мамлекет эмес, канча жылдан бери ата-энелер өз ийиндерине көтөрүп келатканын жазат. Ата-энелер чогулткан акчанын 60 пайызы мектеп мугалимдеринин айлыгына кошумчага, 40 пайызы мектептин чарбалык муктаждыгына жумшалат. Буга карабастан мектептер анча-мынча арткан-үрткөн акчаларын мамлекеттин казынасына да төгүп турат. Ошого карабастан окуган балдардын акчасы кайда жумшаларын, кантип жумшаларын антимонополдук комитет деген тескеп келет, комитет акыркы кездери Жогорку окуу жайларынын каржы ишине да көзөмөлдүк кылууга көз арта баштады дейт гезит.

«Кыргыз туусу» гезити «Кайрадан Кароол Дөбө» деген макаласында баягы Манас Ордодогу казына издеп казуу иштерин жүргүзгөн окуяга кайрылып, бул дуусунан чуусу көп иш ушуну менен эле биротоло токтобогонун, жаз келип, жер жибий баштаары менен казуу иши кайрадан жанданарын, демек келе жаткан 2008-жыл журналисттер үчүн да эриктирбей турган жыл болорун маалымдады. Ушул макалага катарлаш «Айылдык изилдөөчүнүн ачылыштары» деген рубрика алдында Манас районунун тургуну Бейшенбек Сүйүмбаев аттуу автордун «Хан Манастын Ак ордосу табылдыбы?» деген макаласы да жарык көрдү.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG