Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

Парламент шайлоо алдында атаандаштардын бири-бирине кине тагуусу, бийлик кысымы, партиялардын бирин колдоп, калганына бут тосуп жаткандыгы арбын айтыла баштады. Кечээ биртоп партиялар бийликтин “Ак жолуна” жан тарткан Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алып, жакын арада көп эл катышкан жыйындарды өткөрө тургандыктарын жарыя кылышты. Бийлик партиясы айтылган сын, коюлган кинелерди шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн көндүм ыкмасы деп санай турганын билдирүүдө.

Парламент шайлоо алдында мамлекеттик телекөрсөтүү көпчүлүк эл жабылып көгүлтүр экран алдына отурчу маалда жалаң гана “Ак жол” партиясынын кызыл түс оймо-чиймеге чулганган рекламасын гана көрсөтүп туруп алганын “Ата мекен” социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев административдик ресурсту колдонуунун апачык мисалы катары мүнөздөдү.

- Рекламалык роликтерибизди КТР эл көрө турган убакта көргөзбөстөн, түнкү саат 11ден кийин таң атканча, күндүзү көрсөтүп, ар 15 мүнөт сайын “Ак жол” чыгып жаткан кечки убакты бербей жатат.

Өмүрбек Текебаев мамлекеттик телеканалдын оппозициялык партияларга алдагыдай мамилеси шайлоочуларды эркин тандоо укугунан ажыратарын ырастап, бийлик партиясы деп жалгыз маалымдоо каражаты эмес, жергиликтүү аткаминерлердин текши баары жабыла киришип сүрөөнгө алып жатканын айтты.

- Биздин атаандашыбыз “Ак жол” партиясына бүткүл мамлекеттик кызматтар, губернаторлор, акимдер, министрлер, мектептин директорлору, окуучуларга чейин үгүт жүргүзүп, зордук менен бул партиянын катарына киргизип жатышат.

Антип, “Ата мекен” социалисттик партиясынын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө сын жебесин жалгыз “Ак жолго” багыттап жатышынын өтөле олуттуу себеп-жөнү бар. Апта соңунда Орусияда өткөн Мамлекеттик думага шайлоо, андан аз илгерки казакстандык тажрыйба постсоветтик өлкөлөрдө ар качандан бир качан бийлик партиясынын мөрөйү үстөм болорун тастыктоодо.

Кыргызстандагы жүздөн ашуун партиялардын катары парламент шайлоо алдында “Ак жолго” удаалаш “Аалам – партиясыздардын партиясы” менен толукталды. “Ак жол” партиясынын аткаруу комитетинин төрага орунбасары Жанкороз Каныметов партиясына “Ата мекен” социалисттери каршы чыкканы менен, биртоп партиялар колдоо көрсөтүп жатышат, деген пикирде.

- Мен айтар элем, административдик ресурс бизге зыян келтирет. Мурунку шайлоолордун тажрыйбасынан улам административдик ресурс жанталашып киришсе бизге элдин каршы болорун жакшы билебиз.

Анткен менен атаандаштары тарабынан ур-тепкиге алынып жаткан “Ак жол” партиясынын программасындагы өлкө менен бийлик тууралуу негиздемеси көңүл бурууга татыктуу экенин парламенттин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов ырастады.

- Программасында “Жакыр эл – жараксыз бийлик” дейт. Туптуура лозунг! Эли жакыр, демек бийлиги жараксыз. Биз ошону айтып жатабыз.

А бирок Жангороз Каныметов К.Байболовго жаккан сөз “Ак жолдун” программасында мурдагы бийликке карата колдонулганын белгилейт.

“Атамекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов бийлик партиясы административдик колдоо-жөлөксүз иштеши опуртал, президент колдогон партиялардын баары эле жеңишке жетиши кыйын деген пикирде.

- Мына, В.Путин өзү баш болуп 8 жыл камданды. Башка бүт демократиялык, либералдык партияларды өлтүрүштү. Телекөрсөтүүлөрдүн баарын өзүнө алышты. Ошондон кийин келди. А бул киши болсо бир күнү түзө коюп эле “эртең алам” деп зордук кылып жатат.

Алдыдагы курч саясий күрөш бийликчил-оппозициялык партиялар ортосунда өтөрү башынан белгилүү болчу. БШК “элегинен” өткөн партиялардын үгүт иштери күчөп жаткан чакта андайдан четтетилген партиялардын доо-арыздары Жогорку сотто кезегин күтүп туру. Ошол эле сот шайлоочулардын жарым пайыздык добуштарын жалпы республикалык тизме негизинде алуу керекпи же жергиликтүү шайлоочулардын санына жараша аныктоо зарылбы суроосуна да чекит кое элек. Анан да жер-жерлердеги шайлоо үгүтү атаандаштардын баштагы сүр-дымагын кыйла басаңдатып, кошкабат тоскоол өтөле бийик коюлуп калганын көрсөтүүдө.
XS
SM
MD
LG