Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

АЗЕРБАЙЖАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ САЯСЫЙ АЙЫПКЕР КӨЗ ЖУМДУ


Азербайжанда 33 жаштагы саясий активист түрмөдө көз жумду. Оппозициядагы Демократиялык партиянын мүчөсү болгон Фаина Кунгурова бир нече жума мурда баңги затын сактап, таркаткан деген кине менен кармалып, сотко чейинки камоо жайында отурган. Азербайжанда аял саясий айыпкердин биринчи жолу түрмөдө көз жумушунун себеби ачкалык болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Кунгурованын өлүмү тууралуу Азербайжандын Акыйкаттык министрлиги 10 күндөн кийин гана, 28-ноябрда жарыя кылды. "Дарыгерлер аны депрессиянын симптомдорунан жана өтө ачка болуудан дарылоого аракеттенгенине карабастан Кунгурова 18-ноябрда кайтыш болду" деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Акыйкаттык министрлигинин түрмө бөлүмүнүн өкүлү Мехман Садигов Азаттыктын азери кызматына Кунгурованын иши боюнча буларды айтты:

Ал октябрдын башында камакка алынып, Шиваландагы камак жайына жеткирилген болчу. Бир нече жумадан кийин аны түрмө ооруканасына жиберишкен, ошондон бир айдан соң ал каза тапты.

Кунгурованын туушкандары ал камакта отурган жеринен ачарчылык жарыялаган болушу мүмкүн деп болжошууда. Бирок бийликтер сөөк текшерүүнүн жыйынтыгын ачыкка чыгарган жок, ошондуктан "жаш келин ушунча кыска мөөнөттө өлүп калды?" деген беймаза суроо жоопсуз калууда.

Адатта түрмөдө ачарчылык жарыялагандар тамак ичпесе бир нече айда каза табат. Түрмө кызматкерлери айрым учурда мындай айыпкерлерди күч менен тамактандырышат. Бирок эл аралык медициналык конвенцияда эгер ачарчылык жарыялаган айыпкер анын кесепетин түшүнгөн абалда болсо, аны күч менен тамактандырууга дарыгерлердин катышуусуна тыюу салынат.

Кунгурованын бир тууганы Зейнаб Великованын айтымында, анын урук-туугандары Шувалан камак жайына тамак-аш жеткирип турушкан, бирок аны Кунгурова жеген-жебегенин билишпейт.

Фаинанын ден соолугу жакшы эле болчу, бирок бир айда өлүп калды. Ал табигый себептерден өлдүбү мен билбейм, бирок жүзүндө кыйналуунун белгисин байкадым, - деп айтты эжесинин сөөгүн көргөндөн кийин Великова.

Кунгурова 5-октябрда Бакы калаасында, президенттин машиналары өтө турган чоң жолдун боюнда турганда камакка алынып, баңги затын алып жүргөн деген айып коюлган эле. Укук коргоочулар анын кармалышы саясий себептерден болгондугун айтып чыгышкан. Алар Кунгурованын баңги аткезчилигине байланышы бар деген ырастоону четке кагышат.

Кунгурова Азербайжандын Демократиялык партиясынын мурдагы жетекчиси Расул Гуллиевдин талыкпас колдоочусу болчу. Гуллиев Кошмо Штаттарына 1997-жылы сүргүнгө кеткенден кийин, ал саясий оппозициянын белгилүү мүчөсү бойдон калган. Кунгурова учурдагы президент Илхам Алиевге да, анын атасы Гейдар Алиевге да каршы элдик демонстрацияларга катышып келген. Оппозициячыл активисттин артында өспүрүм жаштагы кызы жетим калды.

Кунгурова мурда да түрмөгө отуруп чыккан. 2002-жылы аны бейбаштык кылган деген кине менен камакка алып, жалаң эркектер отурган түрмөдө кармашкан. Европа Кеңеши аны "саясий айыпкерлердин" тизмесине киргизгенден кийин 2004-жылы гана ал азаттыкка чыккан.

Азербайжанды укук коргоочулар кийинки кездери айрыкча сындап келишет. Алардын айтымында, өлкөнүн мунай байлыгына таяган Илхам Алиевдин автoритардык бийликке ооп баратканын Батыш билсе да билмексенге салууда.

Укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму Кунгурованын өлүмү үчүн түрмө бийликтери канчалык деңгээлде жооптуу экендигин аныктоого чакырды.

Учурда дагы эки айыпкер ачарчылык жарыялаганы маалым. Белгилүү сатирик Сакит Захидов да баңги затын алып жүргөн деп түрмөгө салынган эле. Анын жубайы Захидовдун тогуз күндөн бери ачка экендигин, саламаттыгы кескин начарлап кеткенин билдирди. Бакы калаасында жайгашкан Журналисттердин эркиндиги жана коопсуздугу институтунун билдиришинче, "Нота Бене" гезитинин журналисти Фарамаз Аллавердиев да ачарчылык жарыялаган. Аллавердиев өкмөт ичиндеги ыйкы-тыйкы тууралуу жазган макаласы үчүн эки жылга камалган.

Фаина Кунгурованын өлүмү Азербайжандагы түрмөлөрдүн абалына көпчүлүктүн көңүлүн бурдурууда.

Кунгурова түрмөдө запкы көргөнүн баарыбыз эле билип турабыз. Аны сабаштыбы? Кыйнаштыбы? Азери түрмөлөрүндө бул адаттагы көрүнүш. А балким Кунгурова көңүлү чөгүп, даам сызбай калганда түрмө кызматкерлери көрмөксөн болуп коюштубу? Мага окшогон укук коргоочу үчүн аны кандай кыйнашканы баары бир,- дейт Бакыдагы Тынчтык жана Демократия институтунун директору Лейла Юнус.

Юнусованын ишениминде, Кундурова кандай себептен кайтыш болгон күндө да, түрмө кызматкерлери жана Акыйкаттык министрлиги бул үчүн жооп бериши керек.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG