Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

12:00 Адам укуктары жана эркиндиктери үчүн макулдашуу түзүлөт


Бүгүнкү маалымат жыйынында билдирилгендей адам укугун коргоону жакшыртууга арналган макулдашуу укук коргоо уюмдары менен саясий партиялардын ортосунда түзүлөт. Ага ылайык тараптар адам укугу, эркиндиги жана саясий укуктары боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу шарттарга кол коюшмакчы. Мындан тышкары балдардын укугу, сөз эркиндиги жана тынч жыйындарга эркин чогулуу, ЕККУ менен чогуу Кыргызстандын шайлоо кодексине көз карандысыз иликтөө жүргүзүү, аны акыйкат шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык жоболорго ылайыктоо сунушу киргизилген.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдирген боюнча макулдашуу 50 партияга сунушталган, ага башка бардык партиялар кол койсо болот. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG