Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

13:15 МАИ кызматкерлери үгүт иштерин жүргүзүүгө бут тосуп жатышкандыгы айтылууда


Бул тууралуу бүгүн “Атамекен” партиясы тараткан кайрылууда айтылат. ИИМ министри Болотбек Ногойбаевге жолдонгон кайрылууда келе жаткан парламенттик шайлоого партияны үн күчөткүч аппараттар менен үгүттөп жүргөн автомашиналарды МАИ кызматкерлери токтотуп, аппаратураларын жана автомашиналарды алып койгондугу айтылган. Партия МАИ кызматкерлеринин бул аракеттерин КР мыйзамдарына жана шайлоо кодексине туура келбейт деп белгилейт.
ИИМ министринин орун басары Мырзакан Субанов мыйзам боюнча үн күчөткүч аппратты автомашинага орнотуу үчүн атайын МАИнин уруксаты талап кылынарын, бүгүнкү күнгө чейин бир да партия мындай уруксат сурап кайрылбагандыгын маалымат жыйынында билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG