Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: БИЙЛИК АДИЛЕТ ШАЙЛООГО ЖОЛ БЕРБЕЙ ЖАТАТ


Шайлоого аттанган бир катар партиялар жер-жерлерде бийлик тарабынан үгүт иштерин жүргүзүүгө ар кандай тоскоолдуктар жасалып жатканы жөнүндө байма-бай билдирип жатышат. Алардын ичинде Алмазбек Атамбаевдин социал-демократиялык партиясына да каршы аракеттер болуп жатканын бул партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” айтып берди.

- Жер-жерлерде сиздердин партиянын плакаттарын тытып кетип жатканы тууралу, бийликчил партия административдик ресурстарды колдонуп жатат деген маалыматтар түшүүдө. Ушул тууралу айтып берсеңиз?

- Бул плакаттар эле гана эмес, плакаттар күнүгө миңдеп алынып атат. Биздин чоң растяжка, рекламалык щиттерибиз бар, желектерибиз бар, ошолорду Базаркоргон, Ноокатта кээ бир белгисиз адамдар алып кетсе, кечээ күнү түштөн кийин, күндүн чак ортосунда Каракол шаарында милиция кызматкерлери катышып, биздин бир канча официалдуу түрдө “Беко” рекаламалык агенттигинен алган щиттерибизди алып түшүштү. Биз аларга кайрылсак, “Беконун” жергиликтүү өкүлдөрү айтса дагы болбостон, эч кандай агитация жүргүзүүгө болбойт, биз буга уруксат бербейбиз деп алып салышты.

- Социал-демократиялык партиянын бир нече мүчөлөрү бийликте эмеспи, эмне себептен бут тосуулар болуп жатат деп ойлойсуз?

- Жок, бул туура эмес. Социал-демократтар дайыма бийликтен тышкары жүргөн адамдарбыз. Билесиздер, дайыма чындыкты айтып, бийликти сындап жүрөбүз. Биздин биринчи лидерибиз өкмөт башчысы болчу, аны дагы жумуштан алып түшүштү. Анткени ал киши дагы өкмөт башында туруп, калыс шайлоолорго кепил берем, мыйзам бузууларга эч кандай жол бербейм дегени үчүн алып салышты. Биз эч качан бийликке тиешебиз жок болчу.

- Башкача айтканда Алмазбек Атамбаевдин кетиши дал ушул шайлоого байланыштуу болду деп ойлойсузбу?

- Албетте, ошого байланыштуу. Анткени, ал киши: “менин милдетим өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү бийликтерди шайлоого эч кандай кийлигишпестен, адилеттүү, мыйзамдуу шайлоолорду камсыз кылышым керек” деп бир канча жолу айткан. Президент Бакиевдин бетине, МККлар аркылуу дагы бир канча жолу эскерткен. Ошондуктан ал кишини тоскоол болгону үчүн алып тынышты.

- Атамбаев мырза кызматынан кеткени партияны алга сүрөй береби, же бийлик сунуштаган мамлекеттик кызматка кетеби? Сиздин бул тууралуу маалыматыңыз жокпу?

- Алмазбек Атамбаев биздин саясий партиянын лидери, жетекчиси болуп 15 жылдан бери келатат. Бул киши эч качан бийликке сатылган эмес. Бул деле биздин партиянын жетекчиси катары ушул шайлоонун үгүт иштерине катышып берет. Эң негизгиси туура түшүнүшүбүз керек, биздин партия эч качан “Ак жол” партиясына кошулбайт, дайыма элдин кызыкчылыгын коргоп келет.

- Кечээ “Ата мекен” партиясы атайын тегерек стол жыйынын өткөрүп, анда БШКга ишеним көрсөтпөө жана административдик ресурсттарды колдонууга каршы митинг өткөрөбүз деген демилгени көтөрүшкөн. Сиздердин партия бул демилгени колдойбу?

- Кеп митингде эмес. Бирок БШКга болобу, бийлик же жергиликтүү органдарга болобу, албетте, абдан катуу тынчсызданууга негиз бар. Анткени, жарым пайыз процент боюнча, же азыркы даярдалып жаткан бюллетендер боюнча айтсак, булар эч кандай коргоо белгилери жок, жөнөкөй эле бир типографияда басылган кагаздар болуп атат. КТРге бизди жолотпой, акы төлөсөк дагы биздин роликтерди чыгарбай атат. Албетте, азыркы учурда мыйзамдуу, адилеттүү шайлоолор болуп атат деп айтууга болбойт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG