Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

“НАШИ” КЫЙМЫЛЫ “БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯНЫН” ЖЕҢИШИН МАЙРАМДАДЫ


Бийликчил “Наши” кыймылынын болжол менен беш миңге чукул мүчөсү Москвадагы Кызыл аянттын жанында чогулуп, президент Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңишин майрамдашты. Кыймылдын айрым мүчөлөрү түнү менен көчөлөрдү жаңыртып, Орусиянын бир катар шаарларын кыдырып чыгышты. Байкоочулардын баамында, жекшемби күнү болгон шайлоо акыйкат жана таза өткөн жок.

Чоң Москворецкий көпүрөсүнөн Кремлди көздөй “Путин! Орусия!”, “Биз Орусияны чыккынчыларга бербейбиз!” деп ураан чакырып, жөө жүрүш жасаган “Наши” кыймылынын мүчөлөрү баш калаа Москваны каптаган армияга окшошуп турду. Кыймыл мүчөлөрү Кызыл аянтка келгенде аларды бул акциянын жүзгө жакын уюштуруучулары күтүп турганы маалым болду. Аянттын чок ортосунда кыймылдын лидери президент Путиндин зоболосун көтөргөн сөздөрдү айтып турду.

Кремль тарабынан каржыланган “Наши” кыймылы соңку айларда 2-декабрда өткөн парламенттик шайлоого жана жаз айына белгиленген президенттик шайлоого карата активдешти. Концерттерди, жайкы лагерлерди уюштуруу жана жалгыз лидердин атын даңазалоо – булар Советтер союзу учурундагы Коммунисттик партиянын жаштар лигасы болгон комсомол уюштурган иш-чараларга окшошот.

“Наши” кыймылынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусиянын алыскы аймактарынан келген. 17-жаштагы Алексей Ярослав облусунун Углич шаарынан Путиндин жеңишин майрамдоо үчүн атайын борборго сапар алган. “Азаттык” үналгысынын суроолоруна жооп берип жатып, Алексей “Наши” кыймылын Совет доорундагы комсомол менен салыштыра албайм, анткени ал доорду көргөн эмесмин дейт:

Мен муну билбейт экенмин. Мен Советтер союзу маалында жашаган эмесмин. Мен ал доорду сыналгыдан дагы көргөн жокмун.

Деген Алексейге салыштырмалуу 22-жаштагы Тамбовдогу юридикалык факультеттин студенти Павел комсомол тууралуу маалыматы бар:

Ооба, ошол доорго окшошот. Кандайдыр бир деңгээлде бул жакшы, бирок башка тарабынан алсак мунун жакшы жагы дагы аз.

“Наши” кыймылынын мүчөсү Максим мындай акциялар советтик доорду элестетпейт, анткени бул кыймылдын өз максаты бар дейт:

Мен Владимир Путинди колдоо үчүн келдим. Ошондой эле өзүмдүн жарандык турумумду билдирүү үчүн дагы келдим. Жаштар Орусиянын келечеги үчүн жооптуу. Балдарыбыздын жана “Наши” кыймылынын келечеги биздин колубузда.

Аянтта кагаздан жасалган төрт бурчтук үкөк орнотулду. Анын жанында турган кыймылдын мүчөсү өткөн-кеткендерди президент Путинге кат жазууга үндөп жатты. “Наши” кыймылынын беш миңге чукул мүчөлөрү чогулган аянтта жаштар арасында популярдуу рэп стилиндеги ырлар дагы жаңырып турду.

“Наши” жаштар кыймылы уюштурган бул акцияны адистер ар түрдүү баалап жатышат. “Эркин муун” либерал жаштар альянсынын теңтөрагасы Мирсулжан Намазалиевдин пикиринде, бийлик ар убакта жаштарды саясий курал катары колдонуп келген. Жаш саясатчынын баамында, Кыргызстанда дагы мындай көрүнүш байкалат:

Кыргызстанда бийликти колдогон жаштардан болгону бир гана кыймыл бар. Ал бийлик түзгөн “Ак жол” партиясынын жаштар канаты. Башка анчалык күчтүү кыймылдар байкалбайт. Бирок жаштар дайыма саясий курал катары колдонулуп келет. Ошол эле оппозициянын акциясы болор алдында алар жаштарга дагы карап турушат.

XS
SM
MD
LG