Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

ОШKО БАКИЕВ КЕЛИП КЕТКЕНДЕН КИЙИН “АК ЖОЛГО” АТААНДАШ ПАРТИЯЛАРГА КЫСЫМ КҮЧӨДҮ


Президент Курманбек Бакиев 3-декабрда Ошто болгон сапарында «Ак жол» партиясын ачык колдоп сүйлөгөндөн кийин, ага атаандаш партияларга кысымчылык күчөдү. Атүгүл кээ бир саясий уюмдардын өкүлдөрүн опузалоо, өмүрүнө коркунуч келтирген аракеттер болуп жатат.

Президент Курманбек Бакиев Ош шаарында томографиялык борборду ачып жатып "Ак Жол" партиясынын туура жолдо экенин, анын иши ийгиликтүү болоруна терең ишенерин баса белгилеген:

- Эл үчүн бардык күчүн арнаган, туу көтөрүп, туура жолго үндөгөн, элди биримдикке жана эмгекке чакырган партия элдин колдоосуна ээ болот деп ишенем, - деген эле президент.

Ошол эле күнү кечкурун Ноокат районунда «Ата Мекен» партиясына кошулган өзбек улутундагы жарандарга белгисиз жигиттер келип «Ниетиңерден кайткыла? Болбосо, көчүп кеткиле!» деген талаптарды коюшкан. Ал эми Өзгөн районундагы Куршап кыштагында аталган партиянын штаб жетекчиси Алишер Усмановдун өмүрүнө бейтааныш бирөөлөр кол салганга аракет жасашкан. Булар туурасында «Азаттыкка» «Ата Мекен» партиясынын Оштогу штабынын мүчөсү Бакыт Алпетов билдирди:

- Биздин илип койгон плакаттарыбызды, кагаздарыбызды сыйрып кетип атышат. “Ак жол” партиясынын чогулушуна милиция кызматкерлери чакырып жүрүшөт.

Жогорудагыдай тоскоолдуктар мурунку премьер-министр Алмаз Атамбаевдин партиясына карата да болуп жаткандыгын Cоциал-демократтардын Ош шаардык жетекчиси Алымбай Кадыров ачыктады:

- Илинген материалдарыбызды жыртып кеткен фактыларбыз бар. Мекемелердин жетекчилерине барып суранып атабыз, баары эле эмнегедир сыртта өткөрсөңөр деп чочулап атышат, - деди Алымбай Кадыров.

«Ак жол» партиясынын Оштогу штабынын башчысы Кубаныч Исаков башка уюмдарга чындап эле мыйзамсыз аракеттер жасалып жаткандыгын моюндады. Ошентсе да, аларга «Ак жолдун» көзү түз экендигин кыстара кетти:

- Тигил, же бул партиялардын плакатын жулуп кеткен анча-мынча фактылар болуп атат. Атаандаштыкта эч кандай тоскоолчулук болбосун деп айтып атабыз. Кошоматка кой сойгон азаматтар ушундай кылышы мүмкүн. Бул бизге дагы жакшы эмес аброй алып келет, - деди Кубаныч Исаков.

Көз карандысыз талдоочу Рустам Ахматахуновдун пикиринде, Кыргызстанга эбак авторитардык режим орногон:

- Бардыгы чыр-чатактар сотко барып такалат. Сот саясий чечимдерди өз алдынча чече албайт. Партиялардын ичинде демократиялык система иштебей атат. Бизде азыр авторитардык режим болуп калган. Башка агитациялык чараларды көрүш керек.

XS
SM
MD
LG