Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

Пакистанда оппозициянын негизги эки лидери талаптарын чогуу жарыялайт


Мурдагы премьер- министрлер Беназир Бхутто менен Навази Шариф алар келерки айдагы парламенттик шайлоону бойкоттобошу үчүн өкмөткө коюлуучу талаптардын тизмесин биргелешип жарыяларын билдиришти. Мунун алдында кечээ өлкөнүн шайлоо комиссиясы Навази Шарифке мурда кылмыш иши козголгонун жүйөө кылып, анын шайлоого катышуусуна тыюу салган эле. Пакистан президенти Первез Мушараф өлкөдө өткөн айдын башынан бери сакталып жаткан өзгөчө абалды 16-декабрда жоюп, эркин жана адилет шайлоону өткөрүүнү убада кылган. Ал эми өлкөнүн түндүк - батышындагы Пешевар шаарында бүгүн жанкечти аял өзүн жардырып жиберди. Бул - жанкечтиликке аял адам барган биринчи окуя. Анын өзүнөн башка эч ким жабыр тарткан жок, полициянын маалыматына караганда, жанкечти эмнени бутага алганы азырыча анык эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG