Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Казакстандын оппозициясы ЕККУнун чечимин сынга алды


Казакстандын оппозициясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун өлкөгө 2010-жылдагы төрагалыкты берүү менен демократиянын ордуна мунайды тандаганы үчүн сынга алды. Адам укуктары жаатындагы абал такай сынга алынып келингенине карабай, ЕККУнун министрлер кеңеши 2010-жыл үчүн уюмдун төрагалыгын Казакстанга берүүнү өткөн аптада чечкен эле. Оппозициядагы "Нагыз Ак жол" партиясынын билдирүүсүндө ЕКУУнун чечими "энергия саясаты аркылуу аныкталган дипломатиялык мунаса" деп мүнөздөлгөн. Азыркыга чейин Казакстандын шайлоолорунун бири да ЕККУ тарабынан ачык жана эркин деп бааланган эмес эле.

XS
SM
MD
LG