Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Иран АКШнын чалгын кызматынын жаңы отчетун кубаттады


Отчетто Тегеран эл аралык коомчулуктун катуу кысымынан улам өзөктүк курал программасын 2003-жылы эле токтоткону айтылган. АКШнын улутттук чалгын кызматынын тыянагына караганда, Иран азыр өзөктүк курал программасын өнүктүрүүнү анчалык көздөбөй калгандай. Отчетто айтылгандай, Иран өзөктүк ишинин курал бөлүгүн токтоткону менен уран байытууну улантууда жана 2010-2015 –жылдардын аралыгында курал жасоого жетиштүү продукцияга ээ болуп калышы мүмкүн. Ирандын тышкы иштер министри Манучекир Моттаки Кошмо Штаттардын көз карашы азыр "реалдуулукту" көздөй өзгөргөнүн белгиледи. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин аты аталбаган өкүлү отчет бул уюмдун Иран түздөн-түз азыр коркунуч жаратпары, сүйлөшүү үчүн али жетиштүү убакыт бар экендиги жөнүндөгү тыянагын ырастаганын билдирди.
АКШ администрациясы менен катар Британия, Германиянын пикиринде, чалгын кызматынын жаңы отчету эл аралык коомчулуктун Иранга Улуттар уюму аркылуу санкция киргизүү жолу кысым жасоо стратегиясы туура болгонунун көргөзүүдө. Ал эми Израилдин көз карашында, Иран баары бир өзөктүк курал жасоо аракетин улантууда. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо минстри Эхуд Барак билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG