Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

БАТЫШКА БААРЫНАН ДА КИЙИНКИ ОРУС ПРЕЗИДЕНТИНИН ЫСЫМЫ КЫЗЫК


Батыштык саясатчылар менен уюмдар Москвадагы оппозициячыл кыймылдарга үн кошуп, Орусиядагы парламенттик шайлоону катуу сынга алышты. Алар президент Путиндин “Бирдиктүү Орусиясы” чоң жетишке жетишине Кремль эбегейсиз салым кошту деген пикирде. Бирок, Батышта кантсе да, “болору болду, боесу канды, эми деги кийинки орус президенти ким болот?” – деген суроо үстөмдүк кылууда.

Добуш берүүнүн эртеси, алгачкы жыйынтыктар дайын болгондо, Кошмо Штаттардын Улуттук Коопсуздук кеңешинин басма сөз өкүлү Гордон Жондрои президент Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы башкаруу аппаратын колунан келишинче пайдаланды, оппозициячыл кыймылдар үчүн маалымат каражаттарында бийликчилдер менен бирдей шарт түзүлгөн жок деп билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразиялык иштер боюнча өкүлү Дэвид Крамер дүйшөмбүдө Европалык байкоочулар Орусиядагы шайлоонун жүрүшүндө добуштарды бурмалоо, алдын-ала толтурулган бюллетендерди кошуу өңдүү мыйзам бузуулар болгонун маалымдаганына көңүл бурду.

- Биз орус бийликтери жогорудагыдай маалыматтарды иликтеп, европалык байкоочулардын айткандарына олуттуу мамиле жасайт деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Москва тоскоолдук кылган үчүн жекшембидеги шайлоого ойдогудай байкоо жүргүзө албаганы бизди өкүндүрөт, Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы жарыялаган сын пикирлер эске алынышы керек.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларына Москва виза берүүнү создуктуруп-кечиктиргендиктен, алар шайлоо өнөктүгүнө жетиштүү байкоо жүргүзө албаганын билдирүүдө.

Бул жагдай Орусиядагы шайлоонун калыс бааланышына тоскоол болгонун Германиянын тышкы иштер министри Фрэнк Уолтер Штайнмайер басым жасады.

- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Орусиядагы шайлоого мурдагыдай узак мөөнөттүү байкоо жүргүзө албаганы өкүнүчтүү. Парламенттик ассамблеянын кыска мөөнөттүү гана байкоочулары иш жүргүзө алды. Андыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары күмөн жаратканы таң калычтуу эмес. Айткандай эле, бүгүн Орусиядагы шайлоо Евробиримдиктин стандарттарына жооп берген жок деп жарыяланды.

Дүйшөмбүдө Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы журналисттердин Орусиядагы шайлоо тууралуу суроосуна: “Орусияда буга чейин демократия болгон эмес, азыр да жок”, - деп таккесе жооп берди. Батыштык маалымат каражаттары Мамлекеттик Думага шайлоо көпчүлүк күткөндөй эле жыйынтык алып келди, эми башкысы – Орусиянын кийинки президенти ким болот? – деген суроого баш катырууда. Шейшембиде International Herald Tribune жазгандай, “Бирдиктүү Орусия”: “Путин жеңди!” - деп кыйкырганына караганда, азыркы орус президенти бийликти кимдир-бирөөгө кармата койчу түрү жок. Бирок Путин марттагы шайлоодон кийин падышанын ролун аткарабы, же Советтер доорундагыдай партиянын генералдык катчысы болобу, же конституцияны аттап, президент бойдон кала береби? – шайлоодо бардык ыкмаларды колдонуп отуруп жеңген Кремль азырынча буга жооп бере элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG