Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

БУШТУН ИРАН ТУУРАЛУУ ПИКИРИ ӨЗГӨРГӨН ЖОК


Иран ядролук курал жасоо программасын мындан төрт жыл мурун токтотконун ырастаган АКШнын чалгындоо кызматтарынын доклады президент Жорж Буштун көз карашын өзгөртө алган жок. Документтеги тыянактарды Буш олуттуу эскертүү деп атады жана эл аралык коомчулукту Тегеранга кысым жасоону күчөтүүгө чакырды.

Чалгындоо мекемелеринин докладына байланыштуу атайын сөз сүйлөп, президент Жорж Буш Ирандын проблемасына байланыштуу баштагы пикиринде калганын бышыктады. “Иран кооптуу болгон, кооптуу бойдон калды жана ядролук курал жасоо технологиясына ээ болсо мындан да кооптуу болот”, - деп айтты Буш Ак үйдөгү маалымат жыйынында.

АКШнын он алты чалгындоо мекемеси өздөрүнүн “өтө ишенимдүү” булактарынан алынган маалыматтарга таянып, жарнакташып даярдаган докладда Иран эл аралык коомчулуктун кысымы аркасында ядролук курал жасоо программасын 2003-жылы жапканы, бирок уран байытуу ишин улантып жатканы, кокус курал жасагысы келсе,ага бери эле дегенде 2015-жылдары барып ээ болору айтылган эле.

Буш докладды олуттуу эскертүү катары кабыл алганын кошумчалады. Анткени анда Ирандын ядролук курал жасоо жагынан жашыруун, жабык программасы болгону тастыкталган. Мунун өзү алар жең ичинен башка да бир курал программасын түзүшү мүмкүн деген кеп эмеспи? – деп суроо койду Буш.

Коркунуч – алар уран байытып жатканында турат, деп тактады Буш. Ирандыктар жарандык атом программасын түзүп жаткандай түр көрсөтүп, аны кийин аскерий максаттарга которуп сала алат.

Буш Иранга мындан ары да кысым жасоону уланта турганын ырастады. Ирандын ядролук программасын токтотуу үчүн дүйнөлүк жамаатты бириктиргенге умтулуп жатканын айтып, Буш мындай кысым найтыжалуу болгону докладда да тастыкталганын белгиледи. Иран проблемасын Буш биринчи кезекте сүйлөшүүлөр аркылуу чечкенге умтуларына ишендирди, ошол эле учурда мыкты дипломатия деп “аракеттердин бардык вариантын ачык калтырган дипломатияны” түшүнөрүн да баса көрсөттү.

Буштун сынчылары чалгындоо уюмдарынын докладынан азыркы администрациянын Иранга байланыштуу саясаты ашкере эле кусаматчыл апазга айланып кеткенин, сүйлөшүүлөр жана дипломатия үчүн кеңири мүмкүндүктөр бар экенин ырастаган далилдерди көрүштү. Америкалык көпчүлүк гезиттер,алардын ичинде “Вашингтон пост” доклад тууралуу кабарлашып, аны Буштун Ирандагы саясатына урулган сокку таризде көрсөткөн темалар менен чыгышты.

“Мен бу проблеманы түшүнөм, мен аны таасын көрүп турам, докладды тынчтыктын урматына эл аралык коомчулукту бириктирүү үчүн пайдаланам”,- деп айтты Буш журналисттерге.

XS
SM
MD
LG