Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

КЫРГЫЗСТАН ЧЕТИНЕН КЕМИРИЛҮҮДӨ


«Дело №…» гезити жылма миграция мына ушинтип жылмайып, билинбей, сезилбей жылып кире берсе 15-20 жылдан кийин Кыргызстандын картасы кайрадан чийилерин, анткени жакшы жашоо издеп Түштүк аймагын миңдеген кыз-уландар, каруу-күчкө толгон жаштар таштап баса берип, ошол эле учурда чегара райондоруна акырындык менен коңшу улуттун өкүлдөрү жылып кирип, кыргыз кыздарына үйлөнүп, үйбүлө күтүп, кыргыздын бош калган үйлөрүн сатып алмай күчөгөнүн дагы бир жолу коңгуроо кылып какты. Маселен Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Таштумшук айылынан көчүп кеткен 15 үйбүлөнүн үйүн тажиктер сатып алса, ошол эле облустун Кара деп аталган аймагына 6 үйбүлө келип отурукташып, кыргыз жеринде мыйзамсыз жашай баштаган, Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Жаштык айылынан көчүп кеткен 6 үйбүлөнүн үйүн да тажик жарандары мыйзамсыз сатып алып койгон, Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат айылына коңшулардан 308 үйбүлө жылып кирип, кыргыздын 37 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, акырындап үй куруп жашап калышкан.

Ушул эле гезит өткөн айлардын биринде чуу болуп барып дымып калган УКК төрагасынын мурдагы орунбасары, Кочкорго барып бирөөнүн менчик топозуна мергенчилик кыла коем деп колго түшкөн генерал Борис Полуэктовдун токтоп калган кылмыш ишине кайрылып, ушул күнгө дейре мергенчи генералга да, анын шеригине да айып коюла электигин, сыягы айып койгонго укук коргоо органдары шашылбай жатышканын, ал эми бул мезгил аралыгында кочкорлук тергөөчү топоз атып жүргөн жеринен мергенчи-генералдан «Тигр» аттуу карабинди, «Иж-58» жана «Иж-27В7С» үлгүсүндөгү эки мылтыкты, 9130 МС үлгүсүндөгү оптикалык карабинди жана «ТОЗ-78СП» үлгүсүндөгү винтовканы жүктөп алып Бишкеке келгенин баяндап келип… Кыскасы айрым күбүң-шыбың кептерге караганда генерал менен анын аткошчусуна козголгон кылмыш иштери кыскартыларын, азыр бул иштин терисин тескери тигип, мергенчи-генерал топозчудан топозду адегенде сатып алып, андан кийин атты кылып, дагы бир версиясында генерал кочкорлуктарга тынчтык бербей келген карышкырды атса, ок ага тийбей, кайып бара топозго тийди кылып… жасап жатышканын жазып чыкты. Гезит мындан тышкары түрмөдөн бошоп чыккан кыргыз боксеру А.Раимкуловдун интервьюсун, доктор Ж.Назаралиевдин чет өлкөдөгү Ата Мекендештерге кайрылуусун, Боршайкомдун мүчөсү Г.Рыскулованын шайлоо өнөктүгүн чагылдыруудагы ММКлардын жасай турган иштери жөнүндө берген түшүндүрмөсүн жарыялады.

«Голос свободы» гезити шурудай тизилген поcтсоветтик өлкөлөрдүн көпчүлүгү эки гигант өлкөнүн таасирине көз каранды болуп, ошолордун ыргагы менен кетип жатат, Путинди «Единая Россиянын» ордуна «балакет Россия» болсо деле колдоп бермек, анткени жан-жөкөрлөрсүз эле орус президентинин кадыр-баркы жетиштүү. Ал эми биздин Бакиевде андай мүмкүнчүлүк жокко эсе. Ал көбүнесе жанындагы шыбырагандар менен көз ачыктарына ишенгени бар деп белгилеп, эгер шайлоонун натыйжасында күтүүсүз окуя болуп кетсе анда сырткы күчтөр аралашпай койбойт деп жазды. Ошондуктан азыркы кезде оппозиция менен бийлик амбицияларын экнчи орунга калтырып, биринчи кезекте мамлекеттин биримдиги менен бүтүндүгү жөнүндө ойлонушу керек. Кокус Бакиев бийлигин сактап калуу максатында Ак жолго аттанып, админстративдик оюндарды жүргүзө турган болсо анда мамлекетти бүлүндүрүп алуу заматтагы иш. Ушу кезде базарда сатылып жаткан ундун баасын вазири экөө чече албай, кимиси базарга барып сурап, кимиси телефондон сураганын такташканча ортодо отко май куйгандардын саны арбып баратат. Баса өткөн жумада Ө. Текебаев, эгер шайлоо ыплас технологиялар менен коштоло турган болсо, анда анда шайлоого бойкот жарыяларын айтып чыкты. Муну азыр Бакиев баштаган бийлик коркунчутун сигналы катары кабыл албаса анда Текебаевди башка партиялар да колдоп кетиши толук мүмкүн. Анын үстүнө К.Бакиев башында турган кыргыз бийлигинин конкреттүү стратегиясы жок, бир туруп Казакстан, бир туруп Орусия болгусу келет, бирок улут катары ар кимдин өз көйнөгү болушу керек эмеспи деп баяндады.

Гезит мындан тышкары Борбор Азиянын бардык беш өлкөсү БУУнун аныктамасы боюнча орто деңгээлде өнүгүп бараткан өлколөрдүн катарына киргенин, мунун ичинен Казакстанга өнүгүү деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына киргенге бир нече беренелер гана жетпей калганын, өнүгүү деңгээлинин дүйнөлүк тизмесинде Казакстан-73, Украина-76, Грузия-96, Өзбекстан-113 оурнда турса, Кыргызстан -116-орунда турарын кабарлады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG