Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

12:01 КСДП анын мүчөсүнө карата БШКнын аракетин партия ичинде да, сот аркылуу да чечүүгө ниеттенүүдө


Бул тууралуу партиянын мүчөсү, адвокат Галина Скрипкина билдирди. Анын айтымында, боршайком кечээ күнү караган долбоор “БШКнын байкоочу мүчөсү Эдил Байсаловдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу” деп аталган. “Бирок Эдил Байсалов мыйзамсыз аракет жасаганы БШК отурумуна чейин кимдир бирөө тарабынан тастыкталышы керек болчу. Шайлоо комиссиясы болсо бул окуя боюнча материалдарды отурумунан кийин гана Башпрокуратурага жөнөтүп жатат. БШКнын аракеттери карама-каршы болуп жатат”, - дейт адвокат. Кечээ боршайком СДПКдан бюллетендерди чыгарууга кеткен чыгымдарды кайтарып алуу үчүн сотко кайрылууну чечкен. Галина Скрипкинанын айтымында, партия бул доо-арызга каршы өз аргументтерин келтирүүгө даяр. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG