Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

“АЗАТТЫК ПЛЮС”: ЖАШТАРГА НИКЕ КЕЛИШИМИ КЕРЕКПИ ?


3-декабрда “Азаттык плюс” телепрограммасынын кезектеги чыгарылышы эфирге чыкты. Бул жолу көптөгөн жаштардын суроолору боюнча “Таанышкым келет” деген теманын алкагында сөз козголду. Анда жаштар кантип, кайдан таанышышат, таанышуу жолдору кандай, эсте калган жоолугушуулар, дегеле жаштардын мамиле түзүүсү тууралуу кеп козолду.

Талкуу бөлүгүндө студент Нурбек Чоюнбаев жаштар баш кошоор алдында нике келишимин түзүшү керек деген пикирди коргосо, экинчи студент Алмаз Сазыков буга каршы чыкты. Натыйжада жаштар турмушунда нике келишимин түзүү зарыл деген ойду коргогон Нурбек 77 көрөрмандын смс добушуна эгедер болуп, жеңүүчү аталды.

Ушул эле убакта көрүүчүлөр да 0(312)666817 номерине телефон чалышып, талкуунун катышуучуларына добуш берүү менен “Азаттык плюс” телепрограммасы тууралуу пикирлерин билдиришти.

Тууганбай: Мен Нурбекке добуш берем. Нике келишимин колдойм. Себеби, биздин айылда да ушундай мисал болуп, дүйнө-мүлктөрүн экиге бөлүшүшкөн. Мындай материалдык нерселерди башынан тактап алыш керек деген ойдомун. Ал эми “Азаттык плюс” берүүсүнөн спорт тууралу жана жаштардын жашоосун чагылдырган программа көргүм келет. Азыр жаштар жаман жолго түшүп, аракечтикке, наркоманияга берилүүдө. Анан убакыт жагы тар болууда, кененирээк болсо деген ой.

Жазгүл: Үй-бүлөө кураар алдында нике келишимин түзүп, баш кошуу керек деген пикирге кошулам. Жаштар баардык маселени жети өлчөп, бир кесип, өздөрүн даярдап келишим аркылуу баш кошкону жакшы. Бүгүнкү жаштар берүүсүн мен калтырбай көрөм. Жаштарды туура жолго багыттап, элге чыгарып жатканыңар жакшы. Мен көбүнчө үй-бүлөөлүк маанайдагы берүүлөр чыкса деген ойдомун.

Гүлай. Мен бүгүнкү берүүнү унутуп калыптырмын. Анан койсом эле талкуу бөлүгү жүрүп жаткан экен. Менин пикиримде нике бул түбөлүктүү нерсе, ошондуктан келишим сөзсүз түзүлүш керек деген ойдомун. “Азаттык плюс” программасы тууралу пикирим жакшы эле. Көптөгөн маалыматтарды алабыз. Калтырбай көрүп жаткам, бугүн чарчап уктап аягын кана көрүп калдым. Негизинен коомубуздагы көйгөйлүү маселелерди, чынчыл позицияда көргөзүп турсаңар.

Анарбек. Добушумду Нурбекке берем. Эки жаш үй-бүлөө куруп кетээрине көздөрү жетсе, эч корпой эле келишим түзүүсү керек. Мага бүгүнкү тема абдан жакты. Андан сырткары жаштардын окуулары, келечеке болгон көз караштары сыяктуу темаларды талкууласа деген пикирдемин.

Айжамал: Мен Алмазды колдойм, келишим түзүлбөш керек. Бул кыргыздын салтына туура келбейт. Менин байлыгым бар эле, кийин келишпей калсак ошону менден талашпа деген келишимге кол кой деп түгөйүнө кантип айтасың? Анан дагы үй-бүлөөдөн жарака кетсе дүйнөнүн мааниси жок болуп калат болуш керек. Түгөйүңөн айрылуу, бул эң чоң сокку.
“Азаттык плюстун” мага сурамжылоосу жагат. Бирок убактысы тар. Бир аз узунураак кылсаңар. Алдыда жаңы жыл келе жатат. Ким кандай тоскону турат, эсинде калган жаңы жылдык майрам.

XS
SM
MD
LG