Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

ИРАН: ЖАҢЫ ОТЧЕТ ЖАГДАЙДЫ ӨЗГӨРТТҮБҮ ЖЕ ЖОКПУ ?


Кошмо Штаттардын чалгын кызматынын Ирандын өзөктүк программасы тууралуу жаңы отчетуна карата эл аралык коомчулук өз мамилесин билдирүүдө. Маселен, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн экөөсү-Орусия менен Кытай жаңы отчет жагдайды өзгөрттү жана мындан ары Иран менен иш кылууда ал эске алынышы керек деп эсептейт. Ал эми Батыш өлкөлөрү жаңы отчеттун твянактарына карабай, Иранга кысым көргөзүүнү улантуу керек деген көз карашта.

Кошмо Штаттардын бир нече чалгын кызматынын соңку отчетунда Иран эл аралык коомчулуктун катуу кысымынан улам өзөктүк курал программасын 2003-жылы эле токтоткону айтылган. Отчеттун тыянагына караганда, Тегеран азыр өзөктүк курал программасын өнүктүрүүнү анчалык көздөбөй калгандай. Бирок, өзөктүк ишинин курал бөлүгүн токтоткону менен уран байытууну улантууда жана 2010-2015 –жылдардын аралыгында өзөктүк курал жасоого жетиштүү продукцияга ээ болуп калышы мүмкүн.

Кошмо Штаттар, Британия, Франция Иран уран байытуу программасын токтопогону үчүн Коопсуздук кеңеши аркылуу ага каршы багытталган санкциялардын жаңы – үчүнчү айлампасын киргизүүгө умтулуп жаткан кези. Андыктан, соңку отчеттун мындан аркы аракеттерге кандай практикалык таасири бар деген суроо чыгууда.

Президент Жорж Буш докладдагы тыянактарды комментарийлеген сөзүндө аны олуттуу эскертүү деп атады жана эл аралык коомчулукту Тегеранга кысым көргөзүүну улантууну чакырды. Буштун пикиринде, отчетто айтылгандар Иран туудурган коркунуч жоголду дегенди туюндурбайт:

- Менин көз карашымда, бул отчет эскерткич белги. Аларда программа болгон жана алар программасын токтоткон. Бул эмне үчүн экскерткич белги экенин себеби - алар муну кайра жандандыра алышы мүмкүн жана кайрадан башталуучу программаны коркунучтуу жана натыйжалуу кыла ала турган нерсе- уран байытуу мүмкүнчүлүгү. Бул жөнүндөгү билим жашыруун программага берилиши мүмкүн.

Жаңы отчетко карабай, Иранга каршы санкциялар боюнча жаңы резолюцияны даярдоону улантуу зарылдыгын Британия, Франция өкүлдөрү да айтып чыгышты, Британия, Франция жана Германиянын пикиринде, АКШнын чалгын кызматтарынын отчету Тегеранды өзөктүк програмасынан баш тартыруу үчүн ага каршы буга чейин көрүлгөн чаралардын тууралыгын далилдеди.

Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Орусия менен Кытай жаңы жарыяланган отчеттун Батыш өлкөлөрүнөн башкачараак түшүнүшүүдө. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун шаршембиде кабарчыларга айтканына караганда, алар Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясы боюнча сунуштарды кароодо бардык факторлорду, анын ичинде "Ирандын жашыруун өзөктүк программасы жоктугу тууралуу АКШ эл алдында ырастаган маалыматтарды" эске алат. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жаңы отчетту караш керектигин Кытайдын БУУдагы элчиси Ван Гуанья да билдирди.

Иран болсо АКШ чалгын кызматтарынын жаңы отчетун өзү жеңиши катары баалоодо. Президент Махмуд Ахмадинеджад шаршемби күнү өлкө батышындагы Иcлам провинциясында, митингде сүйлөгөн сөзүндө Иран өзөктүк маселе боюнча талашта дүйнөнүн ири державаларынын үстүнөн жеңишке жетишкенин белгиледи.

- Америкалык чалгын кызматтын отчету биздин өзөктүк программа боюнча дүйнөнүн ири державалары менен талашта иран элинин жеңишинин таанылышы.

Ахмадинежаддын айтымында, Иран өзүнүн тынчтык максаттагы программасынан "бир кадамга" да артка жылбайт.

Айтор АКШ администрациясы Иранга каршы санкцияларды күчөтүү үчүн мындан ары эл аралык колдоого ээ боло алабы?. Бул багытта эл аралык басма сөздө түрдүү комментарийлер жасалууда. Алсак, "Вашингтон Пост" гезитинин пикиринде, АКШнын Иранга каршы ыктымал аскерий чабуулунан чоочулоо европалык өлкөлөрдүн Тегеранга кысым көргөзүүсүнүн биринчи себеби эле. Ал эми Ирандын өзөктүк куралы туудурган коркунуч андан кийинки себеп болчу. Иранга каршы санкция маселесинде европалык өлкөлөрдүн башын бириктирүү америкалык чалгын кызматтардын соңку отчетуна чейин эле татаал болгон, эми мүмкүн эмес.

Бирок "Вашингтон Посттун" жазганына караганда, азыр Иран менен сүйлөшө турган кез келди. Ал сүйлөшүүлөр өзөктүк маселеден тышкары, Ирандын террорчулукту колдоосу, "ал-Каида" лидерлерине башпаанек берүүсү, Ливандагы "Хезболла", Палестинадагы "Хамас" кыймылдарын колдоосу, Ирактагы согушкерлерди курал менен камсыздоосу өңдүү маселелерди камтышы керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG