Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

ШАЙЛОО БЮЛЛЕТЕНДЕРИН КИМ БУЗДУ?


Бурулкан Турдубек кызы «Учкун» мамлекеттик басмаканасы бүгүн 16-декабрга белгиленген парламенттик кезексиз шайлоонун бюллетендерин кайрадан басууга киришти. 4-декабрдын кечинде БШК мурдагы даяр бюллетендерди жараксыз деп таап, аларды жок кылуу чечимин кабыл алган. Муну шайлоо комиссиясы СДПнын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун бюллетендин сүрөтүн мөөнөтүнөн мурда көпчүлүккө жарыялап жибергендиги менен негиздөөдө.

«Учкун» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Таалай Кеңешовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бюллетендерди кайра даярдоо жараяны БШК менен алдын ала макулдашуунун чегинде бүгүн башталды:

- БШК бизге заказ берүүчү тарап да. Бул боюнча биз кечээ сүйлөшкөнбүз. Ал үчүн кагаз керек, боек кетет, жумушчулардын айлыгын төлөп бериш керек. Ошолордун бардыгы мурунку келишимде көргөзүлгөн. Ошол эсепти кайра дагы коебуз. Себеби, бардыгы кайра жасалып атпайбы.

БШКнын маалыматына караганда, бюллетендердин жараксыз деп табылышына cоциал-демократтар партиясынын шайлоо тизмесиндеги лидерлердин бири, бюллетень даярдоо жараянына байкоочу болуп кирген Эдил Байсаловдун мыйзамсыз аракеттери негиз болгон. Байсалов бюллетендин нускасын сүрөткө тартып, өз сайтына чыгарды деп билдирген БШК аны шайлоо тизмесинен чыгарып, ишти териштирип, чыгымдарды сот аркылуу партиядан өндүрүп берүүнү сурап Башкы прокуратурага кайрылды. Жараксыз деп табылган 2 млн. 700 миңден ашык бюллетендин жалпы чыгымы 27 миллион сом экендиги айтылууда.

Мамлекеттик маанилүү иш чараны үзгүлтүккө учуратып, моралдык-материалдык чыгым алып келди деген БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева бул маселеге кайрылып, СДП тизмесин толугу менен шайлоодон алып салууну сунуштоодо.

Адвокат Галина Скрипкина Эдил Байсаловдун күнөөсү далилдене электе БШК кабыл алган чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, сот аркылуу ишти териштирүүгө даярданууда. Байсалов өзү болсо БШК өз катачылыгын мага жана партияга оодарып жатат дейт:

- Мурунтан эле мыйзамсыз болчу. Мурунтан эле кайра чыгарылып чыгышы керек эле. Өздөрүнүн катасын СДПКнын, менин мойнума илгендиги мыйзамга да, логикага да жатпайт.

Байсалов мурдараак БШК бюллетендерди жөнөкөй кагазга бастырып жаткандыгына нааразылыгын билдирген болчу. Мындай жагдай Кыргызстан шайлоого аралашканы биринчи жолу катталып отурат. Жөнөкөй ак кагазга басуу себебин «Азаттыкка» БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Шайлоодо биз Москва менен сүйлөшүп, акча жасаган Госзнак деген заводу бар го Москванын, ошого заказ берип, ичинде күнгө караганда Жогорку Кеңеш деген жазуу бар кагаздарга бастырганбыз. Ал Госзнак 45 күндөн эрте жасап бере албайбыз дегенинен гана «Учкундун» коргоо технологиясын эле колдонгонбуз. Ак кагазга эле микрошрифттерди, сүрөттөрдү гана киргизгенбиз.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова аткарылчу ишти алдын ала болжобой туруп, чукул шайлоо жарыялагандыгы үчүн бийликти жана БШКны сынга алды:

- Чукул шайлоону Конституциянын кепили мырза Бакиев жакшылап караш керек болчу: жетише алабызбы-албайбызбы. БШК айтыш керек болчу: мырза президент биз сизди туура түшүнүп атабыз, бирок, мындай чукул жасай албайбыз деп айтыш керек эле, экспертиза жасаш керек болчу да стратегия-тактиканы.

Төлөкан Исмаилова бюллетенге байланыштуу чатак азыркы БШК жасап жаткан осол катачылыктардын эле уландысы дейт. Укук коргоочунун айтымында, мыйзамда бюллетендин нускасын интернетке жарыялоого тыюу салынат деген жобо жок, ал эми шайлоонун тазалыгын сактагысы келсе БШК коопсуздугун сактай турган бышык белгилери жок бюллетендерди басууга уруксат бербеши керек болчу:

- Биз мурда эле айтканбыз. «Учкун» басмасы жасай албайт экен, бул эски режимдин машинасы экен. Ошондуктан, тендер жарыялоо керек, анткени, таза шайлоо бул реформанын түбүн түптөгөн Конституция болбой калса да, ыймандуу парламентти алып келмек да.

Бул аралыкта басмаканада бюллетендер келерки дүйшөмбүгө чейин толук басылып бүтөөрү маалымдалды.
XS
SM
MD
LG