Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

5-декабрда саат 16.30 чамасында «Ата Мекен» партиясынын үгүт тобу Өзгөн районунун Куршап кыштагынан Ош шаарын карай келатканда бейтааныш машинадагылар кол салышкан.

70 00 ОЛ номерлүү “Мерседес” маркасындагы жеңил машина «Ата Мекен» партиясынын үгүт тобу жүргөн кичи автобусту Өзгөн районунун Куршап кыштагында тороп, Карасуу районунун чегине жеткиче 10 чакырымча туш тараптан таш жаадырган. Натыйжада үгүт тобунун 3 адамы ар кандай деңгээлде жараат алган.

Окуянын чоо-жайын «Ата Мекендин» үгүт тобунун башчысы Үсөн Бакаев мындайча баяндады:

- Эртең менен саат 10-11лерде биз Куршаб айылына агитация жүргүзүп келгенбиз. Саат 11-12лерде ал жерде жүрүп кетип атсак, 68-31 номерлүү “Мерседес” кууп келип, биздин унааны кысып, жолду тосуп, Куршаб айлынан чыгып кеткиле деп бизди коркутту. Биздин чоңдор менен сүйлөшүп, Өзгөн шаарына өтүп, агитация жүргүзүп, кайра саат 4-30дарда кайтып келатканда номери 70-00 ОЛ “Мерседес-600” маркадагы машиненин ичинде 3 бала 10-15 метрден таш атып, 3-4 балабыз жарат алды, - дейт Үсөн Бакаев.


Окуя күбөсү карасуулук Абдымажит Асылбеков буларды кошумчалады:


- Мен Ош-Өзгөн жолунда кетип атып, “Ата мекен” партиясынын алдыда келе жаткан машинасын көрүп аябай боорум ооруду. Себеби алар келатканда жолдон бир адамдар таш менен уруп, машинесин талкалап, качып кетишиптир. Бул бандиттик жол. Мындай жол менен бара турган болсок эч убакта заман өзгөрбөйт. Эртең элдин нааразычылыгы чыгып кетиши мүмкүн. Мындай жасап аткандарды таап жоопко тартыш керек. Ушундай кыла бере турган болсо шайлоонун эмне кереги бар, - ушинтти Абдымажит Асылбеков.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев аталган фактынын негизинде бейбаштык боюнча кылмыш иши козголоорун «Азаттыкка» билдирди:

- Бүгүнкү факты бизге азыр эле белгилүү болду. Бул боюнча атайын официалдуу кайрылышты бизге. Азыр атайын оперативдүү тергөө топ иштеп жатат. Эгерде айтылган фактылар далилденсе хулигандык менен иш козголуп сот жообуна чейин барышат, - деди Жеңиш Ашырбаев.
XS
SM
MD
LG