Бул туурасында Кыргызстандын Дин агенттигинин директорунун кеңешчиси Шамшибек Закиров 5-декабрда “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой 120 оштуктун Мекеге жетпей калышына Араб Эмиратына визанын даяр эместиги себеп болгондугун, зыяратчыларды эртеге “Гарант” фирмасы учурууга катуу убада кылгандыгын кошумчалады. Оштук ажы Адылжан Абидов уюштуруу иштеринин начардыгы үчүн Дин агенттигин кескин сындап, ажылыкка аттангандардын бүтүндөй чыгымын жөнөткөн “Гарант” фирмасынын эсебинен төлөттүрүү керек деп эсептейт. (АТо)