Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

18:28 Жалалабатта ”Ата Мекендин” үгүт машинасы менен “Сентябрь” телеканалынын операторун милиция кармады


Бүгүн партиянын Жалалабат шаар көчөлөрүндө үгүт жүргүзгөн жеңил унаасы токтотулуп, облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Унаа менен башкармалыкты сыналгыга тартып жаткан “Сентябрь” телеканалынын оператору Талант Сопиев тартип сакчылары тарабынан кармалып, партиянын өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен 3 сааттан кийин бошотулган. Жеңил унаадан алынган үн күчөткүч партияга кайтарылып берилген жок. Бул тууралуу уюмдун Жалалабат, Сузак аймагындагы координатору Ильич Нарматов билдирди. Облустук ички иштер башкармасынан алынган жоопко караганда токтотулган автоунанын тиешелүү документтери болгон эмес жана “Сентябрь” телеканалынын кызматкери башкармалыктын имараты кайтарууга алынган жай экенине карабай уруксатсыз түрдө тасмага түшүргөн. (YA)

XS
SM
MD
LG