Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:31

КОСОВО БОЮНЧА АРАЧЫЛАР АР БАШКА ПИКИРДЕ БОЛУП ЖАТЫШАТ


Косово боюнча эл аралык арачылардын катышуусундагы сүйлөшүүнүн соңку айлампасы аягына чыгып жатканда, Орусия Сербиядан өз алдынча кеткен бул жумурияттын келечек макамын аныктоодо БУУнун Коопсуздук кеңешине башкы роль берилиши керек деп чыкты. Орусиялык арачы Александр Ботсан-Харченко бул тууралуу Белградда болгондо билдирүү жасады.

Келерки аптада Кошмо Штаттары, Европа союзу жана Орусия Бириккен Улуттардын баш катчысына Белград менен Приштинаны ыкка келтирүү аракеттери тууралуу отчет беришет. Сүйлөшүү келерки аптада расмий аяктагандан кийин Косово бир тараптуу өз алдынчалык жарыялайт деп күтүлүүдө, Белград буга каршы дипломатиялык жана мыйзамдык чараларды көрө тургандыгын эскерткен. 120 күндүк сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктаганын Евросоюздун Косово боюнча атайын өкүлү Вольфгаң Ишингер ушул аптада Приштинада бышыктады:

- Үчилтик арачылар аркылуу сүйлөшүүдө маселе чечилбеген бойдон калганына өкүнөт.

Ал эми АКШнын элчиси Фрэнк Уиснер талкуулардын соңку айлампасында Косовонун макамын сүйлөшүү жолу менен аныктоонун бардык жолдору каралганын бышыктады.

Мунапыска жетишүүнүн 10-декарбдагы мөөнөтү аяктагандан кийин Косово өз алдынчалык жарыяласа, аны Кошмо Штаттары жана Евросоюздун эң таасирлүү мүчөлөрү дароо тааныйт деп күтүлүүдө.

Бирок Орусия сүйлөшүүнү улантууну сунуш этип, бир эле мезгилде бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде чечилиши керек деп айтууда. Ал эми бул кеңеште Орусия вето укугуна ээ.

Ушуга байланыштуу бул өлкөнүн баш өкүлү буларды белгиледи:

Мунасага дале орун бар. Сүйлөшүү процессин улантып, же кошумчасын баштоого мүмкүнчүлүк бар.

Косовонун албан улутундагы басымдуу көпчүлүгү өз алдынчалыкты чыдамсыздык менен күтүп жаткан кез. Бирок бул кадамга Сербия жана аны колдогон Орусия катуу каршылык көрсөтүп келатышат.

Эл аралык коомчулукта эгер Косово бир тараптуу өз алдынчалык жарыяласа, бул провинциядагы тирешүү күч алып, косоволук албандар менен сербдердин ортосунда кайра согуш башталат деген тынчсыздануулар айтылууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG