Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

8:10 Кыргызстандын делегациясы Азия-Тынч океан суу саммитине катышты


Кыргыз делегациясы суу саммитинде өлкөдөгү суу-энергетикалык проблемаларды козгоп, Борбор Азия мамлекеттерин суу менен камсыз кылуучу гидротехникалык курулуштарды пайдаланууга жана бул тармакта кызматташууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында суудан пайда болгон табигый кырсыктар жана алардын кесепети тууралуу кенен маалымдалды. Жапон өкмөтүнүн башчысы Кыргызстандагы сууга байланыштуу проблемаларды чечүү маселесин 2008-жылы Жапонияда өтүүчү “Чоң сегиздик” жыйынынын күн тартибине коюларын билдирген. 3-4-декабрда Жапониянын Беппу шаарында биринчи жолу өтүп жаткан суу саммитине кыргыз делегациясын биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу баштап барган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG