Түркиянын президенти Абдуллах Гүл Түркмөнстан менен экономикалык кызматташууну тереңдетүү сүлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Түркмөнстанга иш сапары менен келген. Абдуллах Гүлдүн айтымында, эки өлкө ортосунда соода жана экономикалык кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлду. Июль айында Түркия Иран жана Түркмөнстандан Европага жаратылыш газын жеткирүү боюнча Иран менен алдын ала келишим түзгөн эле.