Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:25

2006-жылдын соңунда Сапармурад Ниязовдун өлүмүнөн кийин президент болуп шайланган Гурбангулы Бердимухаммедовду Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери реформатор деп сыпатташкан эле. Ниязовго салыштырмалуу Бердимухаммедов бир катар реформаларды ишке ашыра баштаган. Бирок Ашхабаддагы үйлөрдүн чатырынан жеке сателлит антенналарды алып таштоо тууралуу президенттин жаңы буйругун сынчылар цензура катары баалашты.

Мындан бир ай мурун Брюсселде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн айрым лидерлери менен жолугушуудан кийин Бердимухаммедов буга чейин дүйнө коомчулугу үчүн жабык болуп келген Түркмөнстанды тааныта турган лидер катары сыпатталган эле. Бирок 30-ноябрда Улуттук сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Бердимухаммедов артка карай бир кадам жасады. Түркмөн президенти Коммуникация министрине Ашхабад шаарындагы турак үйлөрдөн сателлит антенналарын алып таштоону буйруду. Алардын ордуна президент ар бир имаратка жалпы бир сателлит орнотууну талап кылды.

Бердимухаммедовдун айтымында, ар бир үйдүн терезесинде орнотулган антенналар шаардын көркүн бузат. Бирок укук коргоочулардын пикиринде, жалпыга бирдей сателлит орнотуу менен өкмөт түркмөн элин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.

Фарид Тухбатуллин Венада негизделген Түркмөнстандын адам укугун коргоо боюнча демилгелүү топтун жетекчиси. Анын айтымында, Бердимухаммедовдун жаңы буйругу адам укугун бузат:

Сателлит антенналары ушул тапта Түркмөнстанда маалымат алуунун жалгыз булагы. Эгерде алардын ордуна жалпы үчүн бир гана антенна орнотулса, анда адамдын маалымат алуу эркиндиги жоголот. Мындан сырткары, бул буйрук адамдын жеке турмушка, маалымат алуу жана аны тандоо укугун бузуп жатат.

Тухбатуллиндин айтымында, беш жүз миң калкы бар Ашхабадда саттелит антенналары ар бир үйдө орнотулган. Бул өлкөдө Кытайда жасалган жана баасы болгону 50 доллар болгон сателлит антенналары абдан жайылган. Түркмөн эли саттелит аркылуу түрк, иран, орус каналдарын жана батыштын CNN, BBC сыналгыларын көрө алат. Өзбекстан менен тогошкон чек аранын жанында жашагандар болсо, өзбек сыналгысын көрүп келет.

Түркмөн эли Сапармурад Ниязовдун өлүмүнөн кийин шайланган Бердимухаммедовго бир топ үмүт байлаган эле. Бердимухаммедов бир катар реформаларды жүргүздү, анын ичинде карылардын пенсиясын калыбына келтирди. Мындан сырткары бир нече диний айыпкерлерге мунапыс жарыялаган. Батышта Бердимухаммедовдун бул кадамдары колдоого ээ болду. Ноябрдын башында Брюсселде Евробиримдиктин бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Бердимухаммедов өзүнүн дарегине бир топ мактоолорду укту. Бирок Бердимухаммедовдун жаңы буйругу ал тууралуу түзүлгөн жакшы пикирлерге көлөкө түшүрүп койгонсуйт.

Олег Панфилов Москвада негизделген Экстремалдык журналистика борборунун жетекчиси. Анын баамында, түркмөн президентинин жаңы буйругу Ашхабадды көрктөндүрүү эмес, түркмөн калкын көз карандысыз маалымат каражатынан ажыратуу максатын көздөйт.

Убакыт өткөн сайын мен Бердимухаммедовдун либерал президент болбогонуна көзүм жете баштады. Албетте, анын кадамдары Батышка багытталган. Бирок мен эч кандай олуттуу өзгөрүүлөрдү байкаган жокмун.

Панфиловдун айтымында, көз карандысыз маалымат булактарына тыюу салуу менен Бердимухаммедов колундагы бийлиги өтө күчтүү болбогонуна көзү жетип жатат. “Сапармурад Ниязов саттелит антенналарына тыюу салган эмес, анткени ал бийлигинин күчүнө ишенчү”,-дейт Панфилов.
XS
SM
MD
LG