Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

ДАГЫ ТҮКҮРДҮБҮ?


«Де-факто» гезити бүгүнкү санында Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Мирослав Ниязов менен баарлашты. Чекист мырза, бийлик өз элине кымындай да таасири жоктугун билгенден кийин референдумдун көрсөткүчүн уятсыздык менен 80 пайызга жеткирип, элдин бетине жаба түкүргөнүн, ушинтип бүгүн өз элин алдаган бийлик эртең ошол эле элдин акесин таанытарын түшүнбөй жатканыбызды, эгер алдыдагы шайлоо эң реалдуу өтсө «Ак жол» партиясы 10 пайыз гана добуш аларын, непадам эртең ызы-чуу болуп чыр чыгып кете турган болсо эл бүт бийликке союл көтөрүп чыгарын, тагдыр чечер кырдаал түзүлүп калса күч структуралары тескери бурулуп басып кетишерин, алар да көрүнгөнгө бүгүлбөгөн, кембагал эмес өлкөдө жашагысы келерин белгилейт. «А.Атамбаевдин оставкасын кандай кабыл алдыңыз?» деген суроого М.Ниязов мырза, алдында максаты жок бийликте кадрлар ушинтип кол жоолуктай алмаша берерин, бүгүн Бакиевге баары бир болуп калганын айтып жооп берсе, «бийлик Орусия менен Казакстанды туурап жаткан жокпу?» деген суроого ал, Путин менен Назарбаевдин жолун туурайм деген бери болгондо эле келесоолук, аларга өз эли ишенгени үчүн ошондой саясый жолго өтүшкөнүн, ал эки президенттин саясый капиталын, туруктуулугун көргүлө да, мамлекеттеринин күчтүүлүгүн карагыла? А бизчи? Биздин мамлекетти башкаруу искусствобуз, саясый маданиятыбыз, интеллектибиз алардын лидерлерине караандабай жатпайбы, деп жооп берген.

Бүгүн көптөн бери жарык көрбөй келаткан «Кыргыз руху» гезити жарык көрдү. Жетекчилиги да, редколлегиясы да жаңыланган гезиттин алгачкы санына УТРК деректиринин орунбасары Эрнис Кыязов сөз алып, улуттук телеканал бюджеттин, демек элдин чөнтөгүнөн түшкөн акчага жашап жаткандан кийин элге кызмат кылышы керектигин, М.Эшимканов менен өзүнүн канында кошоматчылык деген нерсе жоктугун, ошого карабастан «Эшимканов интриган, популист, абайлабасаң сенин жаштыгыңды пайдаланып, ара жолго таштап салып четке чыга берет» деп ага астыртан кеңеш берип аткандар да болуп жатканын… Бакиев кечээ эле «Президентибиз саясый өлүк болду» дегенине карабастан оппозициядагы Атамбаевди өкмөт башчылыгына, «Бириккен фронт» менен президентке чабуул койгондордун башында тургандардын бири Субаналиев менен КТРдын алдына толкуган элди апкелип «Молдокасымов чык. Бекешов чык!» деп кыйкырган Эшимкановду бийликке апкелип айкөлдүк кылганын… дагы бир топ маселелер жөнүндө сөз кылган.

Ушул эле УТРК жетекчилигинин жаңы дайындалышына кайрылган «Апта» гезити сөз тизгинин укук коргоочу Качкын Булатовго берет. Качкын мырза кечээ эле Айдар Акевди мактап жүргөн Эшимканов бүгүн Максим Бакиевди мактап, оппозицияны шыбап калганын, аны сайпана саясатчы катары баалаарын, жакында К.Карабеков экөөнү позицияларын сатып кеткендиги үчүн сотко бергенге даярданып жатканын айтып берген. Ушул эле гезит жакыр жашоонун айынан өлкөнүн чегинен сырткары агылган жарандарыбызды журт аталары камкордукка албай, өлсөң тирилсең да өзүң бил деп турмуш агымына таштап салган мамилени убагында Акаев кылып келсе аны азыр Бакиев улантууда деп маалымдайт. Казакстандын «караван Алматы» гезитинин үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрдагы санына «Оштук кыргыздарды сатып алам» деген башка союл менен чапкандай жарыя чыкты. Элин кулчулук зынданына салып жиберип, өлкөсүндө өпкөсүн көтөрө мактанып, өсүп жатабыз, келечегибиз кең деген чиновниктердин чирик саясатына жаның кашаябы же кашайбайбы? Же буларга эл эмес, шайлоо гана керекпи? Азыркы бийлик алдыдагы шайлоодо мамлекеттик өкүм-кысымын өтө аша чаап колдоном деп жатып элдин кыжырына тийип албаса болду. Кээ бир бюджеттик мекемелерде кызматкерлердин паспортторун жыйнап алып жатышат деп угуп атабыз. Мамлекеттин тамырына доо кетип, бөлүнүп-жарылып, башка элдерге шерменде болбосок экен деп жазды.

«Лица» гезити өткөндө белгисиз адамдар тарабынан сабалган политолог Александр Князев менен аңгеме куруп, «сиз 2005-жылдын март окуясы жөнүндө китеп жазып, аны «революция» деп атабай «Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш» деп атадыңыз эле, чындыкты айткандан коркпойсузбу?» деген суроо салган. Князев мырза, чындыкты айткандан коркпостугун, болгонун болгондой айтуу адаты бала кезинен канына сиңип калганын айтат. «Айрым сясатчылар Бакиев Акаевдин жолун кайталап жатат дешүүдө, буга сиздин оюңуз?» дегенине, бу деген табыйгый жол экендигин, Бакиевде чынында эле өлкөнү авторитардык башкаруу ниети барын, бирок ошол 2005-жылы аны президент кылып шайлабаганда өлкө башаламандыктын кучагында калмагын, жаманбы, жакшыбы ошол кезде бул чечим туура болгондугун, муну бүгүн мезгил өзү далилдегенин белгилейт. «Кыргызстанда дагы бир төңкөрүш болушу мүмкүнбү?» деген суроого Александр Князев, эми төңкөрүш болсо мамлекет аны көтөрө албастыгын, анын үстүнө сырткы күчтөрдүн таасири да мурдагыдай болбой сууп калганын, ал эми айрымдар айтып жаткандай Акүйдөгү саясый бычмачылар Кремлден келгендер эместигин, алар жалданма саясый технолгодор экенин айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG