Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

ЛЕННМАРКЕР: ОРУСИЯДА ӨТКӨН ШАЙЛООНУ ЭРКИН ӨТТҮ ДЕЙ АЛБАЙБЫЗ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда Мамлекеттик Думаны шайлоого Батыш эркин болгон жок деген баасын берген. Эл аралык көз байкоочулар шайлоону европалык үлгүдө өтпөдү деп сындашууда. ЕККУ парламенттер жыйынынын төрагасы Йоран Леннмаркер, маселен, Москвада өткөн жыйын үстүндө, Мамдумага депутатарды шайлоо - Европанын коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун үлгүсүнө дал келбейт деди. Евробиримдиги ошондой эле мыйзам бузуулар көп болгондуктан аны текшерип чыгуу милдетин артып, Москвага кайрылуу жасаган.

«Башкарылма демократия» башында туруп өткөргөн шайлоого Батыштын сыны күчөп баратканын анализчилер айтышат. Европалык парламенттер кеңешинин жыйынын жетектеген Люк ван ден Бранден:
«Европалык Кеңешке 1996-жылы мүчө болуп өтөрдө Орусия ал уюмдун үлгүсүндө иш жүргүзүүгө умтула тургандыгын милдеттенген. Ошол үлгүгө ылайык шайлоо демократиялык мүнөздө өтүшү керек болуучу» - деген.

Чет элдик көз салуучулар шайлоонун уюшкандыкта жана тартип бузбоосуз өткөнүн жетишкендик катары белгилешкен.

ЕККУ парламенттик жыйынынын төрагасы Йоран Леннмаркер болсо Маскөөдө, журналисттерге:
«Биз чыгарган негизги жыйынтыгыбыз бул (Мамдуманы – ММ) шайлоо ЕККУ менен Евробиримдиги кабыл алган үлгүгө жана милдеттенмеге дал келбейт, ошондуктан аны адилеттүү өттү деп айта албайбыз. Мен көзгө айрыкча өөн нерселерге гана токтолоюн. Биринчиден, мамлекет башчы менен саясий бир партиянын коюн колтук алышып кетиши – бийлик ордунан пайдалануу болуп эсептелет. Экинчиден, маалымат каражаттары президент Путин менен «Бирдиктүү Орусия» партиясы тарапта болгону эч кимди шек алдырган жок. Үчүнчүдөн, шайлоо боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамдар жаш, саны жагынан чакан партияларга өзүн көргөзүү үчүн жол бербеди. Акыры, оппозициялык партияларга көптөгөн кысым көргөзүүлөр жана бут тосуулар болду»

Ошого карабай Италиянын өкүмөт башчысы Романо Проди менен Франциянын президенти Николя Саркози телефон аркалуу Владимир Путинди жеңиши менен куттукташкан.

Мамдуманы шайлоо боюнча ырасмий АКШ кабатыр экенин билдирди. Кечээ Би-би-си сыналгысына берген маегинде Никсон атындагы Борбордун ага илимий кызматкери Николай Гвоздев бул шайлоонун жыйынтыгы мурдатан Маскөөгө болуп келе жаткан жылуу алаканы суутту:

«Америкалык – орусиялык алака, куду АКШ менен Кытай же Пакистан ортосундагы мамиледей болуп калат. Биздин баалулукту барк албаган өкүмөтөр менен кызматташуубуз кандай болсо ошондой болот», - деген.

Батыш көз салуучулары орусиялык шайлоону сынга алышса КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар көңүлгө тоолор шайлоо өттү дешкен. Орусиялык сыналгы үчүн берген маегинде күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги байкоочулар тобунун жетекчиси Наурыз Аширов «Мамлекеттик Думага депутаттарды шайлоону Шериктештиктен келген байкоочулар демократиялык шайлоонун үлгүсүндө өттү жана эркин, тунук болду" деп эсептейт.

Кошумчалай кетчү кеп, күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинен чакырылган көз салуучулар мурда Беларусияда өткөн шайлоону да уюшкандыкта, адилет жана тунук болду дешкен эле.

XS
SM
MD
LG