Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

11:45 “Замандаш” партиясы шайлоону токтотуу сунушу менен президентке кайрылды


“Замандаштын” жетекчиси Мухтар Өмүракуновдун айтымында, партия парламенттик шайлоого чейин 300 миң кол топтоп, 16-декабрда шайлоону өткөрбөө сунушу менен кайрылуу жасады. “БШК туура эмес кадамдарды жасап, өз ишин аткара албай жатат. Боршайком шайлоону уюштуруучу эмес, жазалоочу органга айланып баратат”, - деди Мухтар Өмүракунов бүгүн маалымат жыйынында. Анткен менен шайлоо баары бир өтө турган болсо, партия эч кандай радикалдуу кадамдарга барбай турганын билдирди “Замандаш” партиясынын башчысы. Партиянын шайлоо документтери мыйзамга жооп бербейт деп БШК аны каттабай койгон. Партиянын БШКга болгон доо-арызын алгач Биринчи май райондук сот, андан соң Жогорку сот канааттандырбай койгон.

XS
SM
MD
LG