Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши «Эрк» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу болду. Ал соңку күндөрү «Эрк» партиясы исламдык мамлекет курууга чакырат деп эл ичинде таркатылган баракчалардагы маалыматты төгүндөдү.

- Республикада исламдык мамлекет курууга үндөгөн баракчаларда “ЭрК” патиясына добуш берүүгө үндөгөн сөздөр бар деп сиздердин партия ар кандай дооматтарга кабылды. Ушул боюнча токтоло кетсеңиз?

-Ал баракчаларды атайын бизди көрө албагандар таратып атат окшойт. Биз мурда күнү БШКга расмий түрдө өз арызыбызды бердик, “Эрк” партиясынын тиешеси жок ага деп. Кечээ өзүм Кыргызстандын тышкы иштер министрине атайын кат жолдодум, ал катта атайын белгилеп кеттим, ал баракчаларга “Эрк” партиясынын тиешеси жок деп. 2005-жылы президенттик шайлоодо да Нарын облусунун губернатору жана коопсуздук кызматтын кызматкерлери өздөрү жазышып, столбаларга илип жүргөн эле. Мен ойлойм азыр да атайын коопсуздук кызматынын кызматкерлери, же ички иштер министрлигинин кызматкерлери кылып атат атайын. “Хизб-ут Тахрирдин” жетекчилери айтышты, алардын эч кандай тиешеси жок дейт буга. “Хизб-ут тахрир” “Эрк” партиясын колдобойт деди, себеби биз халифат дебей атабыз. Бир эле жол калып атат ички орган, же болбосо коопсуздук кызматтын офицерлери кара пиар деп коет, атайын бизди жамандаш үчүн, элди чочутуш үчүн таратып жатышат.

-Азыр региондорду кыдырып жүргөн экенсиз. Биздин үналгыга административдик ресурсттар колдонулуп жатат деген кабарлар келүүдө. Ошондой фактыларга сиз өзүңүз күбөө болдуңузбу?

-Албетте, мен БШКнын графиги боюнча ар бир жолугушууга катышканга аракет кылып атам. Талас облусунун кээ бирки райондорунда, Ысыккөлдүн жарымында, Чүй облусунун батыш жагында. Элди чогултпай, бир эле “Ак жолдун” кызматкерлерин топтоп, башка партияларга эл менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүп бербей жатат, же болбосо элди чочутуп чыкпагыла деп айтып жатышат. Андан тышкары биз өзүбүз телекөрсөтүүгө чыгалы десек бизге эфир убактысы калбаптыр. 2-3 партия эле эфирди сатып алыптыр, башка партияларга тең укук жок, биз чыга албай атабыз. Ошондуктан көбү таңкалып атат, кана рекламаңар деп. Андан тышкары биз өзүбүздүн урандарыбызды шайлоого карата жакшы сөздөрүбүздү жазып чыксак, БШК биздин бүт ураандарды чийип салып, уруксат бербей койду. Ошондуктан бут тосуулар көп болуп жатат.

-Сиз мурдагы акыйкатчы катары айтып кетсеңиз, региондордо шайлоочулардын укуктары тебеленип жатканы байкалуудабы?

-Биринчиден, коркутуп-үркүтүү болуп жатат экен. Экинчиден, тизмеде жок адамдардын, мисалы Орусия, Казакстанга кеткен адамдар, же өлүп калган адамдардын фамилиялары тизмеге кирип калып жатыптыр. Ошондуктан азыр коркунуч бар фальсификация болот, Кыргызстанда бир да таза шайлоо өтпөй атат, бул шайлоо да ушундай таза эмес өтөт окшойт. Ошондуктан фальсифакицялоо, бурмалоолор азыр байкалып жатат.

-Сиз буга чейин шайлоого бир катар жолу аттангансыз, эми мурдагы шайлоолор менен учурдагы шайлоодо кандайдыр бир айырмачылыктар барбы?

-Мен айырманы көрбөй атам, Акаевдин мезгилинде кандай шайлоо болуп атса, азыр да ошондой шайлоо болуп жатат.
XS
SM
MD
LG