Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:39

ТОКОН ШАЙЛИЕВА: АЯЛДАР НАМЫСЫБЫЗГА КЕЛИП ЖАТАБЫЗ


“Азаттыктын” таңкы уктурууларында түз маекте Аялдар жана жаштар партиясынын лидери Токон Шайлиева.

-Аялдардын саясий активдүүлүгү кандай болуп жатат?

-Саясий активдүүлүк кичине ылдыйрак. Себеби кыйынчылыктын бары аялдардын мойнунда болуп атпайбы. Тамак-аш кымбаттап, үйдө балдарга тамак табабыз деп эле базарларда, кээ бирлери четке да чыгып кеткен аялдар болуп атат. Ошондуктан менин оюмча саясий активдүүлүк ылдыйыраак.

-Шайлоо алдындагы иштерге аялдардын катышуусу кандай?

-14 жылдан бери биздин аялдар жана жаштар партиясын мен жетектеп келем.Аялдын өзүнүн да менталитети бар да, бир үйдө күйөөсү менен аялы эки партияда болсо, айтат да, күйөөм барып эле иштесин, мен үй жумуштарын бүтүрөйүн деп. Мына ушундай көп нерселер аядардын активдүүлүгүн азайтат.

- Өткөн жылдарга салыштырып кетсек, дегеле аялзатынын саясий иштерге киришейин деген аң-сезими өзгөрдүбү?

-Мурункуга караганда сөз жок өткөрүп атат. Себеби мына Жогорку Кеңеште бир да аял жок. Башка мамлекеттердин барында 20-30 пайыздан болсо, биздин парламентте нөл, эч нерсе жок. Ошону көрүп аялдар бир аз намысына келип атат окшойт.

-Шайлоо кодексиндеги жарым пайыздык чек көп партиялар арасында көп нааразылыкты туудуруп келатат. Сизде ушул чектен өтө алабыз деген ишеним барбы?

-Бизде бирдиктүү шайлоо округу деп атпайбы. Мурда ар кай жерден эле өздөрү өтүшчү. Бирдиктүү болгондон кийин бир эле шайлоо округу болуш керек. Ал эми биздики 0,5 пайызга коюп койгону абдан кыйын болуп атат. Миалы Россияныкы өттү, Жириновский деген депутат Чечнядан бир да пайыз алган жок. Ошондуктан бул өтө кыйын, абдан жол тосот, кендирди кесет.

-“Ата мекен”, СДПга коркутуп-үркүтүүлөр, тоскоолдуктар болуп жатканын айтып жатышат, сиздердин партия ушундай бут тосууларга кабыл болгон жокпу?

-Мен майда-чүйдө бут тосууну эсептебейм. Эң чоң бут тосуу бул ар бир округдан жарым пайыз коюлганы.

-Азыр өзүңүз деле кабардар болуп атасыз, көп эле партиялар БШКнын ишине нааразы болуп атышта. Сиз өзүңүз БШКнын ишине кандай баа берет элеңиз?

-Мен калыстык жолго түшүп алгам. Мурунку партиялык тизмеде бизди ушунчалык кыйнаган, эки орун алганбыз, сотко чейин барганбыз. Азырынча мен БШК боюнча көп сөз айта албайм.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG