Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Шайлоого бараткан партиялардын БШКга дооматтары толтура болуп жатат. Алар боюнча БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Азаттыкта” болгон түз эфирде жооп кайтарды.

-Биздин билишибизче сиз таң эртеден тарта бюллетендер кайрадан басылып чыгарылып жаткан “Учкун” акционердик коомунда уюштуруу иштери менен жүрдүңүз. Бюллетендерди басып чыгаруу өнөктүгү кандай болууда?

- Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңштин депутаттарын шайлоо боюнча бюллетендерди азыр БШК тиешелүү укук коргоо органдары менен биргеликте “Учкун” концернинде басып жатабыз. Эртең эртең менен буюрса бүтүп калабыз. Шайлоочулардын бардыгына жете турган өлчөмдөгү бюллетендер эртең басылып чыгат.

-Буга чейин чыгарылган бюллетендер менен учурда кайрадан басылып жаткан бюллетендердин сапаттык жагынан эмне айырмачылыгы бар, коргоо белгилери кандай?

-Сапаты мурдагы басылган бюллетендерден калышпайт, андан өтсө өтөт. Түсү башкача болду, коргоо белгилери мурдагыдан да жакшы, подделкага көп жата бербейт.

-Сиз БШК бюллетенге байланышкан чатакты шылтоо кылып эле Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Эдил Байсаловду тизмеден чыгарып салды деген сын-пикирлерге кошула аласызбы?

-Андай сын-пикир шайлоо өнөктүгүндө болушу мүмкүн. Бирок Эдил Байсаловду алганда, БШК шайлоо кодексинин 56-статьясынын 2-пунктундагы көрсөтүлгөн негиздерге карап туруп талапкерлердин тизмесин алып салууга негиздер деген статьяда көрсөтүлгөн, саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин, же өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз катыштыгы бар деген фактысы аныкталгандан кийин алып салып атат.

-Сиз кечээ жакында эле Москвадан кайтып келдиңиз. Ал жерде 16-декабрда өтө турган парламенттик шайлоого карата даярдыктары кандай өтүп жатат?

-Биздин мамлекетибиздин аймагынан сырткары жакта, Россия Федерациясындагы биздин жарандар катыша турган шайлоого, азыр жер-жерлерде биздин дипломатиялык мекемелердин жетекчилери, диаспоралар, коомдук бирикмелер чогуу биригип шайлоо өнөктүгүнө даярдыктарды жүргүзүп жатышыптыр, биз алар менен таанышып келдик. Шайлоого ал жакта материалдык-техникалык жабдуулар менен жабдылган.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG