Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

120 ЗЫЯРАТЧЫ МЕКЕГЕ ЖЕТПЕЙ ОШКО КАЙТЫП КЕЛДИ


Түштүктөн ажылыкка аттанган 120 адам Меккеге жетпей Бириккен Араб Эмиратынын Фуджера шаарынан Ошко кайтарылганына үчүнчү күнгө айланды. Бирок, кайра качан учушаары белгисиз.

120 адамды жетектеп жүргөн ажы башы Анашхан Жамалдиновдун айтымында, аларды 2-декабрда Оштогу «Гарант» туристтик фирмасы жөнөткөн. Бириккен Араб Эмиратына, андан ары Сауд Аравияга кирүүгө виза жоктугунан, оштуктар Фуджера шаарында бир жарым күн турушкандан кийин, 4-декабрда Кыргызстанга депортацияланган. Арасында чал-кемпирлер көп болгондуктан, алар кыйналышкандыгын да жашырган жок:

- 2-декабрь күнү бул жерден учуп кеттик. Ал жерде бир жарым сутка тургандан кийин кайра учуп келдик. Виза ача турган фирма кете бергиле, силер жеткиче виза жетип калат деген. Ал жерге алып келген визалар башка визалар экен. Ал жерде баргандардын көпчүлүгү аксакалдар эле, алар кыйынчылыкты көрдү, - деди Анашхан Жамалдинов.

«Гарант» туристтик фирмасынын директору Мурат Адашбаев менен байланышканыбызда, Бириккен Араб Эмиратында жүргөн кызматкерине ишенип ушундай акыбал болгондугун, 120 зыяратчынын бүтүндөй чыгымдарын фирма төлөп берүүгө убада кылгандыгын билдирди.

Кыргызстан дин агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Тойгонбек Калматов зыяратчылардын дооматын кубаттап, окуяга «Гарант» турфирмасы айыптуу экендигин, ушул максатта атайы Бишкектен учуп келгендигин, проблема чечилгендигин, зыяратчылар Оштон Йордания аркылуу Меккеге 7-декабрда кечкурун жөнөтүлөөрүн «Азаттыкка» маалымдады:

- Кыргызстандагы учак компанияларыбыз кара тизмеге кирип, Сауд Аравиясына уча албагандыктан ушул планыбыз толук камдуу турмушка ашпай калды. 120 киши Фуджейрада эки күн туруп, виза ала албагандыктан депортация болуп кайрадан Ошко келип конгону абдан өкүнүчтүү. Бул түздөн-түз турфирманын күнөөсү. Эртең “Итек эйр” авиа компаниясы менен сүйлөштүк, ушул 120 киши Иорданиянын Акаба деген шаарга учурулат, бүт кеткен чыгымдарды өзүнүн мойнуна алып, өзү төлөп бергенге чечим чыгардык, - дейт Тойгонбек Калматов.

Диний эксперт Шамшыбек Закиров зыяратчыларды мындан ары Кыргызстандан түз эле Меккеге учурмайынча, уюштуруу менен атайын уюм алектенмейинче, ажылыкты жөнгө салуу кыйын деген ойдо.

- Визалар ачылбай калып ажылар токтоп калган фактылар эч качан болгон эмес. Мединага жеткирмейинче башка мамлекеттер аркылуу учурулса ушундай проблема боло берет. Кыргызстанга берилген квотаны муфтиятка берип, алар облустарга, райондорго, айыл өкмөттөргө берилип анан мечиттен имамдын көрсөтмөсү болуш керек, - деди Шамшыбек Закиров.
XS
SM
MD
LG