Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

“АТА МЕКЕНДИН” ҮГҮТЧҮЛӨРҮН МИЛИЦИЯГА КАРМАП, АКЧА АЛЫП КОЕ БЕРҮҮДӨ


5-декабрда “Ата Мекен” партиясынын Жалалабат шаарында үгүт жүргүзгөн жеңил унаасы милиция тарабынан кармалган. Облустук ички иштер башкармасынын короосуна кийирилген унааны тартып жаткан “Сентябрь” телеканалынын оператору да кармалып, партия өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен кийин коё берилген. Ички иштер башкармасы оператордун кайтарууда турган обьектти уруксатсыз тартып жатканын, бирок, оператордун дискети да кайтарылганын билдирди. Партиянын автоунаалары Базаркоргон району менен Майлуусуу шаарында да кармалып, айып пулу төлөнгөн соң бошотулган. Социал-демократиялык партиянын үгүт иштерине да тоскоолдуктар жасалууда. 4-декабрда партиянын Базаркоргон районундагы координатору белгисиз адамдар тарабынан сабалган.

“Ата Мекен” партиясы үчүн үгүт жүргүзгөн жеңил унаа кармалгандан кийин мамлекеттик автоинспекциянын короосуна эмес, облустук ички иштер башкармалыгынын аянтына киргизилген. Башкармалыктын короосунда турган автоунааны тасмага түшүргөн көз каранды эмес “Сентябрь” телеканалынын оператору, өзү айткандай, байкабастан кайтарууда турган имаратты арт жагынан тарта баштаганда тартип сакчылары тарабынан кармалып, партиянын өкүлдөрү менен милиция жетекчисинин сүйлөшүүсү бүткөнчө кеңседен чыгарылбай турган. Партиянын Жалалабат-Сузак аймагындагы координатору Ильич Нарматов үгүт унаасынын кармалышын тоскоолдук катары баалады.

- Бул атайын даярдалган нерсе. Үгүт караваны деп Мадумаровдор чыгып аткан күнү эле МАИлер бардыгын кармай башташты. Дискти алышкан, диск бир мүнөттөй ошол жердеги сотрудниктин колунда болгон, андан кийин диск ачылбай калды.

Үгүт иштерине кийлигишүү окуясы Алабука районунда да болгон. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Исабек Алдозовдун айтымында, район борборунун чыга беришинде белгисиз адамдар жете келишип, райондо үгүт жүргүзбөөнү эскертишип, коркутуп-үркүтүүгө барышкан. Бирок өздөрүнүн ким жана кайсы партиядан жиберилгендигин айтышкан эмес. Алдозов баштаган топтун үгүт машиналары да Майлуусуу шаары менен Базаркоргон районунда кармалып, айып пулун төлөгөн соң бошотулган.

- Номерлери жок 3-4 «Ауди» машина сопровождение кылып жүрдү. Элдик пункттан чыкканыбызда келип машинаны туурасынан токтотуп, майып болуп калышыңар мүмкүн, кетип калгыла деген коркутуп-үркүтүүлөр болду.

Социал-демократиялык партиянын үгүт иштерине да тоскоолдуктар жасалууда. Базаркоргон районунда партиянын алдыңкы беш тизмесинде турган кишилердин сүрөтү түшүрүлгөн үгүт тактайы жулунуп ташталган. Партиянын райондогу координатору Раимжан Кадыркулов мыйзамсыздыктарга байланыштуу “Ак жол” жана “Ата Мекен” партияларынын өкүлчүлүктөрүн шайлоодо ынтымактуу болууга чакыргандан кийин “Ак жолдун” штабынан чыккан жигиттер сабап кетишкен,- дейт СДПКанын мүчөсү Батырбек Абдразаков.

- Кадыркулов Райымжан деген штабдын жетекчиси “Ак жол” жана “Ата мекен” партияларынын штабына барып, 6 метрлик бир бортубузду тытып жок кылышып, дүкөндөрдүн астындагы столбалардан кичинекей плакаттарыбызды жыртып кетишкен экен.

Республикалык МАИ кызматы өлкө аймагында “Кайра жабдуу” деген текшерүү жүргүзүүдө. ”Ата Мекен” партиясынын үгүт унаалары борбордук кызматтан уруксат албаганы үчүн кармалган.

- УМАИ уруксат бербесе мүмкүн эмес. Бир копия акты, громкоговоритель, машина кайра шопурга бердик,- деди областтык МАИ кызматынын жетекчисинин орунбасары Акылбек Каракожоев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG