Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Туура 10 күндөн кийин Кыргызстанда алгачкы ирет партиялык тизме менен парламентке шайлоо өтөт. Байкоочулардын пикиринде, шайлоонун жаңы система менен өтүп жатышы, анын үстүнө даярдыкка да жетиштүү убакыттын берилбегени түрдүү проблемаларды жаратууда. Саясий партиялар менен Борбордук Шайлоо Комиссиясы ортосундагы соттук араздашуулар көбөйүп, БШКга ишеним көрсөтпөө чакырыктары айтылууда. Оппозициялык партиялар туш тараптан алардын үгүт иштерине тоскоолдуктар жүрүп жатканын билдирип, шайлоого катышпоого үндөгөн билдирүүлөр айтыла баштады. Буга чейинки парламенттик шайлоо акыр аягында элдин массалык толкундоолоруна алып келип, ыңкылап менен аяктаган эле. Бул жолку шайлоонун алдындагы окуялар кандай өнүгүп жатат?

Баш-прокуратура бүгүн Социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловго каршы кылмыш ишин козгоду. Бюллетендерди алдын ала интернетке жарыялаганы үчүн Э.Байсаловду Борбордук Шайлоо Комиссиясы партиянын шайлоо тизмесинен алып салган болчу.

Ушул эле күнү “Ата Мекен” партиясы “үгүт иштери үчүн акысыз берилүүчү эфирдик убакытты туура эмес бөлүштүрдү” деп, Биринчи Улуттук Сыналгы каналын сотко берди.

Андан сырткары, “Ата-Мекен” президентке кат менен кайрылып, анда үгүт иштеринин жүрүшүндө коркутуп-үркүтүү, тоскоолдуктарды көрсөтүү күчөгөндүгүн билдирген. Кадамжайда, Куршабда, Жалалабадда партиянын үгүт иштерине көрсөтүлгөн тоскоолдуктар тууралуу кеңири маалымат берип, шайлоонун мыйзамдуу жана акыйкат өтүшүн камсыз кылып бериш үчүн партия президентке кайрылды. Ал эми 6-декабрда Токтогул районунда партиянын тарапкерлеринин жолугушуусу учурунда аны өткөрүүгө тоскоолдуктар болгонун “Ата-Мекендин” лидерлеринин бири Өмүрбек Абдрахманов айтты.

- Биз мындан эки күн мурун акимге, милицияга кат жазып алдыда өтө турган жыйын тууралуу маалымат бергенбиз. Бирок бүгүн эрте менен аянтка жарнактарыбызды илип жатсак, милиционерлер келип: “Токтоткула, айыл өкмөтүнөн буйрук келди”, деп бизди бир-эки саатка кармашты. Анан биз акимчиликке барып, урушуп-талашып олтуруп, акыр аягында илгенге макулдук алдык.

Өмүрбек Абдрахманов муну “атайын жасалган тоскоолдук” катары баалады.

Бул жолку шайлоого үгүт жараяны башынан эле соттук териштирүүлөр менен коштолуп келатат. Коюлган талаптарды толук аткарышпагандыгы үчүн Борбордук Шайлоо Комиссиясы бир топ партияларды ат салышуудан четтетти. Жарышка катышпай калгандардын ичинде “Таза коом”, “Замандаш” жана “Родина” партиялары БШКны сотко беришкен, бирок акыр аягында алардын талабы канааттандырылган жок.

Бүгүн, 6-декабрда, “Замандаш” партиясы БШКнын баардык чечимдерине ишеним көрсөтпөй турганын, 300 миң кол топтоп туруп, 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоону өткөрбөө суранычы менен президентке кайрылаарын билдирди.

Партиянын лидерлеринин бири Мыктыбек Арстанбектин ишениминде, БШК өзүнүн ишин так аткарбай жатат.

- Борбордук Шайлоо Комиссиясы бүгүнкү күндө шайлоого катышам деген саясий партияларды каттоочу жана шайлоону уюштуруучу мекемеден аларды жазалоочу мекемеге айланып алды. Кайсыл бир партияларга, көптөгөн каталарына карабай, “эшикти жаап туруп”, колунан келишинче жардам берет да, бизге окшогон өзүнчө чыгып жаткан жаштарга каалагандай тоскоолдук кылат, - деди Мыктыбек Арстанбек.

Шайлоого катышпоо чакырыгын буга чейин “Асаба” партиясы да көтөрүп чыккан. Партиянын шайлоо тизмесин баштап бараткан доктор Жеңишбек Назаралиев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аларга жер-жерлерде үгүт иштерин өткөрүүгө такыр мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Мындан сырткары, партиянын Ысыккөлдөгү штабынын кызматкерлерине кол салуу болгон.

Үгүт иштеринин жүрүшүнө көз салган “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова да БШК өз чечимдеринде көз-карандысыз боло албай жатат деген пикирде.

- БШК эгемендүү боло албай жатат. Балким, имараты башка жерде жайгашса да, баскан-турганын Ак Үй менен акылдашып жасоодо. “Кара технологиялары” элге билинип калып жатат, - деди Т.Исмаилова.

Бирок БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова бул өңдүү айыптардын баарын четке какты.

- Айтылып жаткан айыптардын баары негизсиз болуп жатат. Биздин укуктарыбызды, статусубузду эске алганда, биз кандай жумуш аткарыбыз керек? Бизге кандай милдет жүктөлгөн болсо, ошону аткарып жатабыз. Биз шайлоо бекеттерин ачып, комиссияларды түзөбүз. Анан эгер айрым партиялар, жок дегенде, парламентке аттанган талапкерлеринин аттарынын тизмесин да дурус түзө албаса, анан кантип алар парламенттеги орундар үчүн ат салыша алат?, - деп суроо коет БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова.

Иши кылып, бул жолку шайлоого үгүт иштери учурунда Борбордук Шайлоо Комиссиясына, административдик ресурстардын кеңири колдонулуп жатышына, оппозициялык партиялардын мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканына нааразычылык күчөп турат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG